Пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдалануу тартиби жеңилдетилди: Социалдык фонддон маанилүү түшүндүрмө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги №244 токтому кабыл алынды. Бул документ жарандар үчүн пенсиялык топтоолорун ипотеканы жабууга жана дарыланууга пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Негизги өзгөртүүлөр 2026-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирет:
Ипотека жана оор оорулар: Эми жарандар ипотекалык карызын төлөө үчүн же тизмеге кирген оор оорусуна байланыштуу пенсиялык топтомо каражаттарын көп жолу пайдалана алышат. Бул үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарына тиешелүү документтер менен кайрылуу зарыл.
Үлүштүк курулуш: Мурда каражатты келишим түзүлгөн адам гана пайдалана алса, эми бул укук анын мыйзамдуу жубайына да берилди. Жубайлар расмий никеде болгон учурда топтомо каражаттарын үлүштүк курулуштун баштапкы төгүмүнө же карызын жабууга жумшай алышат.
Минималдуу босого: Пенсиянын топтомо бөлүгүнүн суммасы 50 000 сомдон ашкан учурда гана колдонууга уруксат берилет.
Бюрократияны азайтуу: Социалдык фонд айрым документтерди «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу өз алдынча алат. Бул жарандардын документ чогултуу убактысын үнөмдөйт.
Русский