Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде социалдык чөйрөдөгү реформалардын жыйынтыктары талкууланды. Эгер динамикага көз салсак, акыркы 5 жылда чоң өсүштөр болду. Мисалга алсак: • 2010-жылы: Орточо пенсия болгону 2 980 сомду түзсө. • 2020-жылы: 10 жылдын ичинде ал болгону 5 770 сомго чейин гана өскөн (же +2 790 сом кошулган). • 2025-жылы орточо пенсиянын көлөмү 11 238 сомго жетти! Натыйжада: 2020-жылдан 2025-жылга чейинки 5 жылдын ичинде пенсия 5468 сомго жогорулады. Бул акыркы он жылдыктагы өсүштөн эки эсе көп дегенди билдирет! Бул иш жүзүндө эмнени түшүндүрөт? 1. 2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 7 100 сом болуп белгиленди. 2. Өлкө тарыхында биринчи жолу орточо пенсия жашоо минимумунан ашты.