📋 Пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмеси.

🩺 Эгерде сизде төмөнкү оор илдеттер аныкталса, пенсиялык топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алуу укугуңуз бар:
1️⃣ Зилдеме жаңы шишиктер (бардык түрлөрү) II, III, IV стадиялары – Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясынын 2-клиникалык тобу боюнча.

2️⃣ Кан оорулары:
🔹 Курч лейкоз (бардык түрлөрү)
🔹 Апластикалык аз кандуулук
🔹 Гемофилия

3️⃣ Кан айлануу органдарынын оорулары:
💔 Жүрөк кемтиги (тубаса же кабылдаган)
💓 Жүрөк ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу
💉 Жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу (ангиопластика, коронардык шунтирлөө, өнөкөт аневризма жана жүрөк жетишсиздиги)
💡 Артерия оорулары, операция талап кылган магистралдык кан-тамыр бузулуусу

🚶 Облитерацияланган эндартерииттин оор түрлөрү
4️⃣ Боордун өнөкөт жетишсиздиги жана циррозу:
🦠 В жана С гепатиттери (4-5 стадиялары)
🏥 Орган трансплантациясын талап кылган же трансплантация жасаткан бейтаптар

5️⃣ Бөйрөк жетишсиздиги (5-стадиясы) – гемодиализ талап кылынат