2025-жылдын 4-5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясы менен өнөктөштүктө “Пенсиялык системалардын актуалдуу маселелери жана алардын майнаптуулугун жогорулатуунун жолдору” эл аралык конференциясын өткөрдү.
Бул эл аралык конференция республикабыздын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн социалдык жана пенсиялык фонддорунун мекемелери үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы маанилүү эл аралык иш-чара болду.
Эл аралык конференциянын аянтчасы социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоодо жаатындагы суроолор боюнча тажрыйба алмашууга, жаңы жетишкендиктерди билүүгө жана өнүгүү жолдорун бирге аныктоого чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Конференциянын алкагында иш-чарага катышкан мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасындагы артыкчылыктары, көйгөйлөрү жана тажрыйбалары кызуу талкууланып, натыйжада жаңы идеялар, сунуш-пикирлер айтылды.
Конференциянын платформасында өнүгүүнүн дээрлик бардык багыттары, анын ичинен демография, социалдык камсыздандыруу системаларын каржылоо, мигранттарды пенсия менен камсыз кылуу, формалдуу эмес жумуштуулук, айыл чарбасында иштегендерди социалдык камсыздандыруу менен камтуу, пенсиялык процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу маселелери каралды.
Пенсиялык системаларды өнүктүрүүдө колдонулуп жаткан ыкмалардын өз ара талкууланышы жана изилдениши пенсиялык программаларды башкарууну өнүктүрүүдө, бир кыйла натыйжалуу, ачык-айкын жана ийкемдүү пенсиялык системаларды түзүүдө конференциянын катышкан уюмдардын иш-аракеттерине колдоо көрсөтөрү бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болору талашсыз.