Бүгүнкү күндө пенсияларды төлөө эки жол менен ишке ашырылууда. Пенсионер пенсия алуунун төмөнкү жолдорунун бирин тандай алат:

– банк уюмдарындагы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын «Пенсионердин картасы» карт эсебине чегерүү;

– «Кыргыз почтасы» ААКтын байланыш филиалдарынын кызматкерлери тарабынан жашаган жерине жеткирүү же байланыш бөлүмдөрүнүн кассаларынан төлөө.

Пенсия үстүдөгү ай үчүн айдын 10унан баштап төлөнөт. Бул дата дем алыш же майрам күндөрүнө туш келген учурда пенсия төлөөнүн башталышы өзгөрүшү мүмкүн.

Ишеним кат аркылуу төлөө

Мындан тышкары, пенсияны пенсионердин ыйгарым укутуу өкүлү ала алат.

Жарактуулук мөөнөтү бир жылдан ашкан ишеним кат боюнча пенсияны төлөө, берилген ишеним каттын жарактуулугу жыл сайын ырасталган шартта ишеним каттын жарактуулугунун бүткүл мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин пенсионер өздүгүн тастыктаган документ менен пенсия алуу үчүн өзү келүүгө же жаңы ишеним кат берүүгө милдеттүү.

Жарандык мыйзамдарга ылайык ишеним кат нотариалдык органдар, айыл өкмөттөрү, стационардык дарыланууда болгон учурда ооруканалардын башкы дарыгерлери, түзөтүү мекемелеринин башчылары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте берилет.

Кыргыз Республикасынын элчиликтери жана башкы консулдуктары тарабынан берилген ишеним кат да пенсия төлөө үчүн кабыл алынат.

Пенсия алууга арналган чет өлкөдө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ишеним кат берген адам тарабынан жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот, бирок анын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөсө, 3 жылдан ашпайт. Ишеним каттар расмий тилге которулушу керек.

Почта кызматынын уюмдары аркылуу пенсия төлөө тартиби

Пенсияны «Кыргыз почтасы» ААКтын байланыш филиалдары аркылуу төлөөдө ар бир пенсионерге жеткирүү графигине ылайык пенсияны алуу күнү белгиленет.

– почта бөлүмдөрү аркылуу пенсияларды төлөө ар бир пенсионерге белгилеген графикке ылайык айдын 10-күнүнөн 23-күнүнө чейин жүргүзүлөт;

– пенсия пенсионердин жашаган жериндеги почта кызматкерлери тарабынан үйүнө жеткирилиши мүмкүн;

– алты ай катары менен алынбаган пенсия убактылуу токтотулат, төлөөнү калыбына келтирүү үчүн жашаган жерге таандык Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө (пенсиялык иштин катталган жери боюнча) арыз жазуу керек.

Республиканын коммерциялык банктарынын пенсиялык карт-эсептери аркылуу тейлөөнүн артыкчылыктары

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду «Элкарт» Улуттук төлөм картасынын алкагында пенсионерлердин карт-эсептерин тейлөө боюнча республиканын 18 коммерциялык банкы менен келишим түздү.Коммерциялык банктар аркылуу пенсия төлөө үчүн акча каражаттарын которуу ар бир айдын 10унан тартып жүргүзүлөт, бирок бул күн дем алыш жана майрам күндөрүнө туура келген күндөрдү эске албаганда.Акча каражаттар банк эсебине чегерилгенден кийин, аны каалаган күнү чечип алууга болот.

– республика боюнча пенсионерлерди тейлеген 3800дөн ашык филиалдык тармактар, сактык кассалар жана банкоматтар;

– филиалдар жана сактык кассалар пенсияларды айдын 10-күнүнөн тартып айдын аягына чейин төлөшөт, ал эми тиешелүү банктын банкоматтары аркылуу акча каражаттарын накталай алуу керектүү өлчөмүндө, 24/7 режиминде пенсионердин турган жерине карабастан жүргүзүлөт;

– «Элкарт» төлөм карталары аркылуу ар кандай товарларды жана кызматтарды сатып алууда накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле коммуналдык кызматтарды үйдөн чыкпай туруп төлөөгө болот;

-пенсионердин каалоосу боюнча 18 коммерциялык банктын биринде тейлөө кызматын тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.

Пенсия алуунун түрүн тандоо тартиби

Эгерде пенсионер банк аркылуу же почта аркылуу жеткирүүыкмаларыналмаштырууну кааласа, ал бул жөнүндө анын пенсиялык иши жайгашкан жер боюнча Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Эгерде пенсионер почта бөлүмүнөн коммерциялык банктагы тейлөөгө өтүүнү чечсе, ал алдын ала пенсия алууга ыңгайлуу же пайдалуураак болгон банкты тандап алышы керек. Андан кийин банк менен тиешелүү келишим түзүп, банк эсебинин маалыматтары менен Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына кайрылуусу зарыл.