Пенсия кайсы мекемелер аркылуу төлөнөт?

Бүгүнкү күндө пенсия пенсионердин каалоосу боюнча үстүдөгү ай үчүн төлөнөт:

– «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жашаган жерине жеткирүү аркылуу

– Социалдык фонд менен республиканын коммерциялык банктарынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде банк мекемелериндеги карт эсептерине которуу аркылуу

– почта которуулар аркылуу