Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
- Курагы боюнча (№ 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барлардан башка), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги региондук органына, калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук порталындагы “Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети” аркылуу арыз менен кайрылат, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
- № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жеңилдик берүүчү стажынын көпчүлүк бөлүгү иштелген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат.
Жеңилдик берүүчү пенсияларды төлөөгө арналган каражаттарды капиталдаштырууну жана Социалдык фондго өткөрүп берүүнү жургүзгөн ишканалар жоюлган, кайра уюштурулган учурларда № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн иштин зарыл стажын иштеген жарандар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги региондук органына пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылат.
- Ишканада жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия алган камсыздандырылган адамдар СП2 пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги региондук органына арыз менен кайрылат.
- № 2 тизме боюнча жеңилдик берүүчү стажды иштеп бүткөн камсыздандырылган адамдар “РЕSАС” программасына кирген ишканалардын жана 1996-жылга чейин укук улантуучусуз жана каражаттарды капиталдаштырылбастан жоюлган ишканалардын текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги региондук органына арыз менен кайрылат.
- Кары-картаңдар жана майыптар үйлөрүндө жашаган камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун кары-картаңдар жана майыптар үйү жайгашкан жердеги региондук органына пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен ушул мекеменин администрациясы аркылуу кайрылат.
- Тергөө изоляторлорунда жүргөн жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан камсыздандырылган адамдар пенсиянын камсыздандырылган бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги региондук органына мекеменин администрациясы же ишенимдүү адамы аркылуу арыз менен кайрылат.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго, пенсия дайындоого жана төлөөгө жол бербөө максатында ай сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ортосунда соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши жөнүндө жана жазасын өтөөдөн бошотуу жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлөт.
- Пенсия дайындалуучу жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам болгон учурларда, анын ата-энеси (асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) тарабынан пенсия дайындоо жөнүндө арыз ал жашаган жердеги же турган жердеги Социалдык фонддун региондук органына берилет. Эгерде жашы жете элек өспүрүмдүн же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) ар башка жашаса, бул учурда жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам менен чогуу жашаган ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү) тарабынан арыз жашаган жери же турган жери боюнча берилет.
- Эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам дайыма болуучу тиешелүү мекеме болуп эсептелсе, пенсия дайындоо жөнүндө арыз Социалдык фонддун ушул мекеме жайгашкан жердеги региондук органына берилет.
- 16 жашка толгон жашы жете элек бала баккан адамынан айрылган учурда пенсия дайындоо үчүн Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги региондук органына өз алдынча кайрылууга укуктуу.
- “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген пенсияга укуктары пайда болгондон кийин каалаган учурда камсыздандырылган адамдар кандайдыр бир мөөнөт чектелбестен пенсия дайындоо үчүн кайрыла алат.
- Курагы боюнча пенсия дайындоо, анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсиялык куракка жеткенге чейин, бирок ушул пенсияга укук келип чыкканга алты ай калгандан эрте берилбөөгө тийиш.
- Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү катары бардык зарыл болгон документтер менен бирге пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан кабыл алынган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана мында бардык зарыл документтер тиркелсе, анда пенсия алуу үчүн кайрылган дата катары ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет.
- Пенсия дайындоо жөнүндө арызда камсыздандырылган адамдын жекече идентификациялык номери жана анын паспортунун маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
- Пенсия дайындоо жөнүндө арызга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык тиркелүүгө тийиш.
- Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерде жана жекече эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун пенсия дайындоочу региондук органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө же компетенттүү органга иштеген жылдары жөнүндө жана камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.
- Социалдык фонддун региондук органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди алууда жана тариздөөдө консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
- Пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адам “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификацияланган (жеке) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте анын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар менен алдын ала таанышууга укуктуу болот.
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыз кылуу жагындагы укуктарынын гарантиялары жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы Макулдашууга катышкан мамлекеттерден көчүп келген пенсионерлер пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жашаган жери же турган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органына арыз менен кайрылат. Арыздын негизинде Социалдык фонддун региондук органы тарабынан пенсионер мурда жашаган жерге пенсиялык иш боюнча сунуш-талап жиберилет. Арыз берүүчүнүн колунда пенсиялык иш болгон учурда, ал арызга тиркелет.
Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби
- Пенсионерлер төмөндөгү учурларда пенсияны кайра эсептөө үчүн арыз беришет:
- пенсияга чыкканга чейинки камсыздандыруу стажы жөнүндө кошумча маалыматтар берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинде каралган үстөктөрдү эсептөөгө укук берген документтер берилгенде;
- баккан адамдарынын саны өзгөргөндө (баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалган учурда);
- Пенсионерлер кары-картаңдар же майыптар үйлөрүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурда пенсионерлер же мекемелердин администрациясы пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызды зарыл документтер менен бирге пенсионердин пенсиялык иши жайгашкан жердеги Социалдык фонддун региондук органына берет.
- Пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызга пенсияны кайра эсептөө үчүн укукту ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык тиркелүүгө тийиш.
- Жазуу жүзүндө арызды талап кылбастан пенсиянын белгиленген өлчөмүн кайра эсептөө төмөндөгү учурларда жүргүзүлөт:
- пенсияны индексациялоо же өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары кабыл алынганда;
- майыптуулугунун тобу өзгөргөндө;
- пенсионер 80 жаш куракка толгондо;
- баккан адамдардын бири 18 жаш куракка (бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин окуучулары окуусун бүткөнгө, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин) толгон учурда;
- жекече (индивидуалдык) эсепте турган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн пенсионерлерге отчеттук мезгил үчүн, ошондой эле пенсия дайындалган күндөн тартып өткөн мезгил үчүн пенсиянын топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнөн пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөдө.