Пенсия чектөө жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин
ТИЗМЕСИ
- Пенсия чектоо доо үчүн зарыл болгон документтер
1.1. Курагы боюнча жалпы негиздерде пенсия чектөө жөнүндө арыз менен кошо төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:
а) камсыздандырылган адамдын ким экендигин, анын курагын жана жашаган жерин ырастоочу:
– Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – паспорт (ID-карта);
– качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн – качкындын күбөлүгү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат;
– кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн – кайрылмандын күбөлүгү.
16 жашка толо элек балдардын курагын, ким экендигин жана жарандыгын аныктай турган документ туулгандыгы тууралуу күбөлүк болуп эсептелет;
б) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин 12 ай иш стажы бар адамдардан тышкары адамдарга, пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленүүчү камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган эмгек китепчеси же документтер;
в) никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;
г) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык пенсияга үстөк алуу укугун ырастаган документтер:
– Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун же Улуу Ата мекендик согуштун майыбынын же аларга теңештирилген адамдардын күбөлүгү;
– “Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучусу” күбөлүгү;
– “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору”, “Кыргыз ССРинин ардактуу донору”, “СССРдин ардактуу донору” күбөлүгү;
– сот же башка мамлекеттик органдар (прокуратура же улуттук коопсуздук органдары) тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндө маалымкат;
– II топтогу жалгыз бой майыптын башка бирөөнүн багуусуна муктаж экендиги жөнүндө дарылоо мекемесинин маалымкаты; мында жалгыз жашагандыгынын фактысы жашаган жеринен берилген маалымкат жана текшерүү актысы менен ырасталат;
– СССРдин “Мать-героиня” жана Кыргыз Республикасынын “Баатыр эне” ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер;
д) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3×4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
1.2. Жеңилдик берилген шартта курагы боюнча пенсия чектөө үчүн кошумча иретинде төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:
а) № 1 жана № 2 тизмелер боюнча – эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастоочу маалымкаттар.
Маалымкатта: атайын стажга эсептеле турган иштин мезгили, кесиби же кызматы, аткарылган ишинин мүнөзү, иштин ушул мезгили тизмелердин кайсыл бөлүмүнө, бөлүмчөсүнө, пунктуна, аталышына киргизиле тургандыгы жана алардын номери, анын негизинде аталган маалымкаттар берилген баштапкы документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл учурда жумуш орундарын аттестациялоонун натыйжалары менен эмгектин өзгөчө шарттарында иштөөнүн далилдери берилет.
№ 2 тизме боюнча пенсиянын экинчи камсыздандыруучу бөлүгүн чектөө максатында эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана ишканадан пенсия алуучу текстиль өндүрүшүндө иштегендерге – эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастаган маалымкат, ишканада жеңилдик берилген шартта пенсия чектелгендигинин фактысы жөнүндө маалымкат, пенсия чектелген датаны көрсөтүү менен;
б) бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга пенсия чектөө үчүн – эмгектенген ишканасы, уюму жайгашкан жер жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же айыл өкмөтүнүн маалымкаты, ал эми аялдарга кошумча – үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
в) көп балалуу энеге жеңилдик берүүчү пенсия чектөө үчүн – беш баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
г) бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын энесине жеңилдик берүүчү пенсия чектөө үчүн – аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) баланын майыптуулугун аныктагандыгы жөнүндө маалымкаты, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аны сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (баланын паспорту, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалыгы тарабынан берилген маалымкат, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
д) ишканалардын кайра уюштурулушуна, жоюлушуна, штаттык сандын кыскарышына байланыштуу алардан бошотулган адамдар үчүн – Социалдык фондго кызматкер пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсия төлөө үчүн акчалай каражаттардын которулгандыгы жөнүндө төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
е) гипофизардык нанизм дартына чалдыккан адамдар (эргежелдер) жана диспропорциялык кодолор үчүн – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачтык-консультациялык комиссиясынын маалымкаты;
ж) учкучтарга жана сыноочу учкучтардын курамына пенсия чектөө үчүн – аба транспортун пайдалануучунун учуу сааттары жөнүндө жана пенсия төлөөгө кетүүчү чыгымдарды жабууга каражаттардын чегерилгендигин ырастаган документтер берилет.
1.3. Майыптыгы боюнча пенсия алуу, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга үстөктөрдү чегерүү үчүн Социалдык фонддун региондук органына кошумча МСЭКтин майыптыгын белгилөө жөнүндө корутундусу берилет.
Майып адам аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда, камкорчунун арызына камкордук кылуу органынын камкорчуну чектөө жөнүндө чечими тиркелет.
1.4. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун региондук органына баккан адамдын документтерине кошумча катары:
– жарандык абал актыларын жазуу органынын баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө (же анын дайынсыз жок болгондугун ырастаган документ) күбөлүктүн нотариатта күбөлөндүргө көчүрмөсү;
– эмгекке жараксыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
– бала чагынан майыпка пенсия чектелген учурда – майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;
– үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөсүнүн каза болгон баккан адамдын багуусунда болгондугун ырастаган документтер;
– камкорчунун арызына аны камкорчу кылып чектөө жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет;
– өгөй баланын өлгөн адамдын тарбиясында жана багуусунда болгондугунун фактысын ырастаган документтер;
– багууда болгон балдар кесиптик, орто жана атайын орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери экендигин ырастаган документтер берилет.
- Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтер
2.1. Кыргыз Республикасынын кабыл алынган нормативдик укуктук актыларына ылайык пенсияларды кайра эсептөө пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт.
2.2. Пенсиянын өлчөмүн башка негиздер боюнча кайра эсептөө үчүн төмөндөгү документтер берилиши мүмкүн:
а) пенсияны кайра эсептөөнүн себеби, социалдык коргоо күбөлүгүнүн жекече идентификациялык номери жана пенсия алуучунун пенсиялык күбөлүгүнүн номери көрсөтүлгөн белгиленген формадагы арыз;
б) пенсия чектелгенге чейин иштелип чыккан жана аны чектөөдө эсепке алынбаган камсыздандыруу стажы жөнүндө документтер;
в) майыптыгынын тобу өзгөргөн учурда – МСЭКтин майыптуулуктун башка тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;
г) багууда болгондордун саны өзгөргөн учурда – багууда болгон адамдын туулгандыгы же өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;
д) Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясында каралган тиешелүү үстөктөрдү эсептөө үчүн документтер;
е) пенсионер кары-картаңдар же майыптар үчүн жатак үйгө жайгаштырылган учурда – мамлекеттик камсыздоого которулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
- Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтер
Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү Социалдык фонддун региондук органы тарабынан пенсионердин арызы боюнча пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт. Зарыл учурларда пенсиянын бир түрүнөн башкасына өтүү үчүн пенсиянын жаңы түрүнө укук берүүчү кошумча документтер тиркелет.