Пенсионерлердин Элкарт «Пенсионердин картасы» банктык картасынын мөөнөтү өтүп кетсе, кайда кайрылууга болот?

Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык пенсия алуучуларга колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу «Пенсионердин картасы» Элкарт картасынын чыгаруу жана аны кайра чыгаруу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Банктын башкы кеңсесине же банктын тиешелүү филиалдарына кайрылуу керек.