Пенсионер каза болгондо кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде анын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмүндө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт. Бүгүнкү күндө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү 30000 сомду түзөт. Бул жөлөкпулду төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюуга жөлөкпул ырастоочу документтер берилгенде ошол адамдарга төлөнөт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт:
– дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге;
– арыз ээси пенсионер каза болгондугу тууралуу маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кийин кайрылган учурда.
Пенсионер каза болгондогуна байланыштуу каза болгон айына кошуп эсептелген пенсиянын алынбай калган суммасы ата-энесине, жубайына, балдарына жана башка үй-бүлө мүчлөрүнө, ал эми алар жок болгондо – мураска укуктуу адамга төлөнөт.
Пенсионердин каза болгондогуна байланыштуу алынбай калган пенсия төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.