Окуу борбору:
- Кыргыз Республикасынын СФнун кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу–эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен семинарларды, тренингдерди уюштуруу жолу менен;
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасы маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактарды окутуу, Министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин эмгек жамааттарына, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, ЖОЖдордун, орто окуу жайлардын студенттерине лекцияларды уюштуруу;
- Таркатма материалдарын даярдоо жана чыгаруу (буклеттер, маалымдама материалдары);
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин лицензиялары боюнча төмөнкү багыттарда кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүү: 2014-жылдан бери мөөнөтсүз лицензияларынын негизинде иш жүргүзүү; англис, кыргыз тилдери боюнча курстар, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, 1С бухгалтерия, компьютердик сабаттуулук, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;
- Инновациялык технологияларды колдонуу менен СФКР кызматкерлерин кесиптик даярдоонун жаңы багыттарын иштеп чыгуу жана иш жүзүндө колдонуу;
- Семинарлар бекитилген жылдык иш пландын жана макулдашылган графиктердин негизинде уюштурулат;
Окуу борборунун байланыш даректери: 0312 53 18 95; 0312 53 02 76; 0312 53 17 65