Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду оор жоготууга учурады. Социалдык фонддун пенсия төлөө башкармалыгынын кызматкери Асанова Дилбара Асановна мезгилсиз дүйнө салды.
Асанова Дилбара Асановна 1982-жылы туулган. Билими жогорку. 2004-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин жетектөөчү адисигинен баштаган. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тармагында 2008-жылдын 9-июлунан тартып, алгач окуу-методикалык иштер жана мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү борборунун жетектөөчү адиси, кийин ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана методология башкармалыгынын жетектөөчү адиси, пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси, маалыматты анализдөө жана топтоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, ошол эле бөлүмдүн башкы адиси, пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башкы адиси, финансылык башкарымалыгынын жетектөөчү адиси жана азыркы мезгилге чейин пенсияларды төлөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу багытында дээрлик 18 жыл эмгектенип, өзүнүн билимин жана зор тажрыйбасын аябай келген. Социалдык тармакта иштөөдө өзүн жогорку денгээлдеги компетенттүү, кесипкөй жана моралдык жакшы сапаттары менен айрымаланган кызматкер катары көрсөтө алды. Туруктуу жарандык көз карашы жана тактыгы менен өзгөчөлөнүп, мамлекеттик иштерде жоопкерчиликтүүлүгү жана чечкиндүүлүгү, айлана чөйрөгө болгон калыс мамилеси менен айырмаланды. Ак ниет эмгектери бааланып, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ардак грамотасы, 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жамааты үй-бүлөсү жана жакын туугандары менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Асанова Дилбара Асановнанын жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын, кесиптештеринин эсинде сакталып кала бермекчи.