Н.А. Муканованын Кайрылуусу

🔗 Facebook

Урматтуу кесиптештер! Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, активдүү жарандар, ишкерлер жана мекендештер!

Өлкөбүздө коррупция менен декларативдүү түрдө эмес, реалдуу күрөшө баштаган учур келди. Акыры, биздин аткаминерлерибиз жана жарандарыбыз коррупциянын алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө салым кошо аларын түшүндү. Бүгүнкү күндө сырттан жөн эле байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Коррупцияны оор кылмыш экенин жана коррупция үчүн эбегейсиз жоопкерчиликти камтыган нормалар мыйзамдарда киргизилди.

Бүгүнкү күндө ар бир жаран коррупционерлерге жардам берем же жардам бербейм деп аң-сезими менен жоопкерчиликти өз мойнуна алалат. Эгерде мындай аң-сезим жок болсо, анда кабыл алынган нормалар бул жоопкерчиликти өзүнө алууга мажбурлоо жолу менен камсыздайт.

Ал эми кабыл алынган мыйзамдардын акыйкат жана эффективдүү иштеши үчүн укук коргоо кызматкерлерине жана сот органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Коом жаңы кабыл алынган мыйзамдарга, өзгөртүүлөргө ишенеби же ишенбейби, бул укук коргоо кызматкерлеринин жана сот органдарынын аракетине же аракетсиздигине жараша болот. Мыйзамга болгон ишеним укук коргоо жана сот органдарына болгон ишеним аркылуу ишке ашат. Демек, азыр ак ниет, таза иштөө, элге, Ата Мекенге ак кызмат кылуу укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын мойнуна эбегейсиз зор миссия жүктөлүүдө.

Кыргызстан коррупцияга каршы мыйзамдарды катаалдаткан биринчи өлкө эмес. Көптөгөн постсоветтик өлкөлөр ар кайсы убакта мыйзамдарын катаалдаштырып, сезилерлик натыйжаларга жетишти. Европа өлкөлөрү үчүн коррупция өтө оор кылмыш. Бирок алар мамлекеттик башкарууда абийирдүүлүктү жана акыйкаттыкты орнотуу аркылуу, чиновниктерге тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү аркылуу, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугу, мамлекеттик кызматкерлердин эле эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да киреше-чыгашаларын декларациялоо аркылуу ийгиликке жетишишти.

Ошол эле учурда татыктуу турмуштук шарттарды түзүү, мыйзамсыз баюунун экономикалык стимулдарын жана коррупцияга азгырылуунун шарттарын жоюу аркылуу ийгиликке жетишишти. Мамлекеттик кызматкерлер коомго адептүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, коом бул көрүнүштү мамлекеттик саясат катары кабыл алат.

Бирок, чиновник коррупцияга аралашса, анын үй-бүлөсү, ата-энеси, балдары бул жоопкерчиликти тең бөлүшөт. Коррупционерлердин балдары эч качан мамлекеттик органдарда иштей албайт. Ал эми мындай мамлекеттик чиновник коомдо четте калган адамга айланат.

Өнүккөн өлкөлөрдө бизнес өзү үчүн эле эмес, экономика үчүн иштейт. Кирешенин 60% чейинки пайызды түзгөн салыктарды төлөө бизнестин ыйык милдети. Эгерде алар коррупциялык кутумга макул болсо, анда алардын аброю коркунучта. Коррупцияга аралашкан бизнес менен өлкөнүн ичинде болобу, сыртында болобу эч ким иштешпейт.

Өнүккөн өлкөлөрдө билим – өлкөнүн идеологиясынын пайдубалы, ал мамлекеттин жана коомдук башкаруунун келечеги. Ошондуктан, академиялык абийирдүүлүк – бул ыйык нерсе, жана бул ыйык нерсеге коррупциялык көрүнүштөрдү жараткан иштер менен каралоо эч кимдин оюна да келбейт.

Биздин Кыргызстан тазалануу жолуна түштү. Бул татаал процесс жана бир жолку жасалуучу иш-чара эмес экенин түшүнүү керек. Муну чиновниктер дагы, жалпы коом дагы канчалык тез түшүнсө, мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү бул татаал этаптан ошончолук тезирээк өтөбүз.