Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыяланган төрт айлык сынактын акыркы этабы “Улуттук наркка” арналган видеороликтердин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жарыяланган төрт айлыктын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия уюштурган сынактын 4-этабы жыйынтыкталды.
Сынактын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин жетектөөчү адиси Мырзабек уулу Канат жана Социалдык фондунун Нарын райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Оморова Майрамүл 5 жеңүүчүнүн катарынан орун алып, Алкыш баракчасы жана заманбап үлгүдөгү планшет менен сыйланды.
Социалдык фонддун Окуу борбору мекемесинин жана Нарын райондук башкармалыгынын жалпы жамаатын сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздердей тилибиздин өнүгүшүнө салым кошкон кесипкөй адистер ар дайым арбын болсун!