🌐 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) 2026-жылдын январь-март айларындагы инвестициялык ишмердүүлүгү.

🔍 Инвестициялар: 2026-жылдын январь-март айларында Социалдык фонд МТПФ каражаттарынан 4 606,1 млн сомду мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) жайгаштырды.

Жылдык кирешелүүлүк 15,2%дан 16,0%га чейинкини түздү.

💰 Депозиттер: Каражаттардын дагы 700,0 млн сому коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөткө жайгаштырылды. Мында жылдык кирешелүүлүк 11,3–14,3% деңгээлинде болду.

💹 Жалпысынан: Отчеттук мезгил ичинде инвестицияланган каражаттардын жалпы суммасы 5 306,1 млн сомду түздү.

📊 Кирешелер: Мурда инвестицияланган каражаттардан 2026-жылдын башынан бери төмөнкүдөй кирешелер алынды:

Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча — 1 417,1 млн сом;
Депозиттер боюнча пайыздар — 154,0 млн сом;
ААКтардын акциялары боюнча дивиденддер — 185,9 млн сом;
Эсептердеги калдыктардан чегерилген пайыздар — 4,8 млн сом.

💸 Жыйынтык: 2026-жылдын январь-март айларында МТПФ каражаттарын инвестициялоодон түшкөн жалпы киреше 1 761,8 млн сомду түздү.