🌐 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь айындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.
🔍 Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2026-жылдын январь айында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 15,2–16,0% чегиндеги жылдык кирешелүүлүк менен 1 140,8 млн сом инвестициялады.
💰 Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөткө 300,0 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылып, жылдык кирешелүүлүгү 11,3–14,3% түздү.
💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө жалпысынан 1 440,8 млн сом инвестицияланды.
📊 2026-жылдын январь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча киреше – 512,7 млн сом;
• депозиттер боюнча пайыздык киреше – 12,6 млн сом;
• МТПФнын эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга эсептелген пайыздардан түшкөн киреше – 1,0 млн сом.
💸 Жалпысынан 2026-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 526,3 млн сом киреше алынган.
—
Русский