🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-ноябрь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2025-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,86-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 10 937,8 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 4 955,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,5% болгон.
💰Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү 4 987,2 млн.сом өлчөмүндө КР эмитенттеринин акцияларына жайгаштырылган.
💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 20 880,0 млн.сом инвестицияланган.
📊2025-жылдын январь-ноябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 5 266,7 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 813,2 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 35,9 млн.сом.
• башка кирешелер – 0,4 млн.сом;

💸Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-ноябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 6 116,2 млн.сом киреше алынган.