🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-март айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.
🔍Социалдык фонд 2025-жылдын январь-март айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,90-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 4 416,3 млн.сом инвестициялаган.
💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 1 250,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,2-12,8% болгон.
💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 5 666,3 млн.сом инвестицияланган.
📊2025-жылдын январь-март айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 371,3 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 181,8 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 9,7 млн.сом.
💸Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-март айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 562,8 млн.сом киреше алынган.