🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-май айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2025-жылдын январь-май айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,90-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 903,3 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 2 400,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,0% болгон.

💰Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү 1 750,0 млн.сом өлчөмүндө КР эмитенттеринин акцияларына жайгаштырылган.

💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 10 053,3 млн.сом инвестицияланган.

📊2025-жылдын январь-май айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 365,7 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 327,2 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 17,3 млн.сом.

💸Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-май айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 710,2 млн.сом киреше алынган.