🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-июль айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2025-жылдын январь-июль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,90-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 588,4 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 3 715,7 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,0% болгон.

💰Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү 1 750,0 млн.сом өлчөмүндө КР эмитенттеринин акцияларына жайгаштырылган.

💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 13 054,1 млн.сом инвестицияланган.

📊2025-жылдын январь-июль айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 279,4 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 492,1 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 20,1 млн.сом.
• башка кирешелер – 0,047 млн.сом;

💸Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-июль айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 791,7 млн.сом киреше алынган.