🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.
🔍Социалдык фонд 2025-жылдын январь-август айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,90-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 9 378,4 млн.сом инвестициялаган.
💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 4 105,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,0% болгон.
💰Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү 1 750,0 млн.сом өлчөмүндө КР эмитенттеринин акцияларына жайгаштырылган.
💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 15 233,4 млн.сом инвестицияланган.
📊2025-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 976,7 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 583,8 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 21,1 млн.сом.
• башка кирешелер – 0,4 млн.сом;
💸Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 4 582,0 млн.сом киреше алынган.