🌐 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь айындагы инвестициялык ишмердүүлүгү.

🔍 Социалдык фонд 2025-жылдын январь айында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын төмөнкүдөй инвестициялады:

📌 Мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) – 1 739,6 млн сом, жылдык кирешелүүлүгү 15,22-16,00%.
📌 Коммерциялык банктардын депозиттерине – 150,0 млн сом, жайгаштыруу мөөнөтү 12 ай, жылдык кирешелүүлүгү 12,8%.

💹 Жалпы инвестицияланган сумма: 1 889,6 млн сом.

📊 Мурда инвестицияланган каражаттардан алынган киреше:
✅ Мамлекеттик баалуу кагаздардан – 334,1 млн сом.
✅ Депозиттер боюнча пайыздык киреше – 13,0 млн сом.
✅ МТПФнын эсептериндеги күнүмдүк калдыктардан түшкөн пайыздык киреше – 3,0 млн сом.

💸 2025-жылдын январь айында инвестициялардан алынган жалпы киреше – 350,1 млн сом.

📢 МТПФнын каражаттарынын натыйжалуу инвестицияланышы пенсиялык топтомо төлөмдөрдүн туруктуулугун камсыздайт.