🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-сентябрь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2024-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 566,3 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 6 148,8 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.

💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 13 715,1 млн.сом инвестицияланган.

📊2024-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 279,1 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 611,0 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 14,8 млн.сом.
• башка кирешелер – 2,4 млн.сом.

💸Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 907,3 млн.сом киреше алынган.