🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2024-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 8 952,1 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 6 768,9 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 12,7-17,2% болгон.

💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 15 721,0 млн.сом инвестицияланган.

📊2024-жылдын январь-ноябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 038,1 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 777,8 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 18,1 млн.сом.
• башка кирешелер – 3,3 млн.сом;

💸Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-ноябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 4 837,3 млн.сом киреше алынган.