🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
🔍Социалдык фонд 2024-жылдын январь-август айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 071,7 млн.сом инвестициялаган.
💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 5 248,8 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.
📊2024-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 993,8 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 538,3 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 11,1 млн.сом.
• башка кирешелер – 2,4 млн.сом;
💸Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 545,6 млн.сом киреше алынган.