2024-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров «Кыргыз Республикасынын салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам менен ишкердик субъекттер, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы 12,25% өлчөмүндө белгиленет, анын ичинде иш берүүчү үчүн – 2,25%  (1% – ПФ, 1% – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25% – Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна), кызматкерлер үчүн -10% (ПФ – 8%, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго  – 2%). Жаңы ставкалар 2024-жылдын 1-августунан баштап күчүнө кирет.

Бирок, 12,25% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкү төлөөчүлөргө жайылтылбайт:

– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;

– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;

– электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;

– алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);

– уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;

– интернет-провайдерлерге;

– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.

Ошону менен бирге, иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлер үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тиешелүү район же шаар боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 100 % эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес деп белгиленген.

Мындан тышкары, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну жакшыртуу үчүн төмөнкү чаралар каралган:

– салык төлөөчү тарабынан жалданма кызматкерлердин актуалдуу реестрин салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жүргүзүү;

-юридикалык жактар-иш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны накталай эмес формада төлөө;

– жалданма кызматкерлердин санын тактоо үчүн салыктык контроль;

– жалданма кызматкерлердин санын, ошондой эле салык отчетторундагы салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн суммасын азайткан учурда санкцияларды, туумдарды жана айыптарды эсептөө.