«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун иштеп чыгуу тууралуу
Кабарлама
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду укуктук жөнгө салууну талкуулоонун жана кызыкдар жактардын сунуштарын жыйноо башталгандыгы жөнүндө кабарлайт.
- Сунушталган жөнгө салуу менен чечүү багытталган маселелердин баяндалышы:
Көйгөйлөр:
2024-жылдын 23-июлундагы № 136 «Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердик субъекттер, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер үчүн мамлекеттик социалды камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 12,25 % өлчөмүндө белгиленген, мында иш берүүчүлөр үчүн – 2,25 % өлчөмүндө (фонддор боюнча бөлүштүрүлүшү Пенсиялык фонд – 1 %, ММКФ – 1 %, ЭДЧФ – 0,25 %), жумушкер үчүн 10% өлчөмүндө (Пенсиялык фонд – 8 %, Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд -2 %).
Бул Мыйзам бюджеттик уюмдарды жана жогорку кирешелүү тармактарды (пайдалуу кендерди казып алууну; электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылууну (жабдууну); маалыматты жана байланышты; акциздик товарларды (алкоголдук, тамеки буюмдары жана күйүүчү-майлоочу материалдар) сатууну; коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелерди) кошпогондо, ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 49 «Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыкты.
Бирок «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-2-статьясынын колдонуудагы редакциясы жогоруда аталган Жарлыкта чендерди төмөндөтүү жогорку кирешелүү тармактарга тиешелүү болбошу каралганына карабастан терс кесепеттерге алып келди. Алсак, тоо-кен казуу өнөр жайынын айрым ишканалары, ошондой эле тиешелүү тармактарда монополист болуп саналган жана мамлекеттик колдоого ээ болгон ишканалар жана уюмдар атаандаштыктан тышкары аракеттенип, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төмөндөтүлгөн тарифине (12,25%) өтүшү мүмкүн, бул бюджеттин олуттуу жоготууларына, пенсиялардын өз убагында төлөнбөшүнө жана аларды жыл сайын алгылыктуу жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна алып келет.
- Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын баяндоо:
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 редакциясындагы Мыйзамынын ченемдерин колдонуу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жөнгө салуунун максаты болуп саналат.
Чечүү ыкмасы.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр сунушталат:
1) 12,25% өлчөмүндөгү тариф чени жайылтылбаган төлөөчүлөрдүн катарына табигый монополия субъекттери болгон ишканалар, уюмдар жана мекемелер киргизилүүдө;
2) жер казынасын иштетүүчү ишканалар боюнча шарттар такталып, төмөнкү редакция сунушталууда: жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган негиздерде жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга укугу ээ тоо-кен казуу ишканалары.
- Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):
Аталган жогорку кирешелүү ишканалар үчүн жөнгө салуунун сунушталган варианты пенсиялык укуктарды түзүү шарттарын сактоого жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүнүн деңгээлин сактоого жана анын натыйжасы катары камсыздандырылган жарандарды бир кыйла татыктуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
- Мүмкүн болгон терс таасирлерди баалоо:
Терс кесепеттер – жок
- Сунушталган жөнгө салуунун даректелген – ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:
Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдор (мисалы, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКы, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы, “Кыргыз почтасы” ААКы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы) тиешелүү тармактарда монополист болгонуна жана мамлекеттик колдоого ээ болгондугуна, атаандаштыктан тышкары иш алып барышкандыгына карабастан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төмөндөтүлгөн тарифине (12,25%) өтүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүчү жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казуу ишканаларына 12,25% өлчөмүндөгү тариф жайылтылбайт.
Бирок, мисалы, “Беш Арча” ЖЧКсы жер казынасын пайдаланууга лицензисы бар, бирок бул ишкана иштеткен “Бел-Алма” участогу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген эмес. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы Реестрге киргизилен, бирок лицензиясы жок, жер казынасын концессиялык келишимдин негизинде пайдаланат.
- Сунушталган жөнгө салуунун киргизилиши менен байланышкан потенциалдуу даректелүүчүлөрдүн кошумча чыгымдарынын жана пайдасынын болжолдуу баалоосу:
Аталган жогорку кирешелүү ишканалар жана уюмдар жеңилдетилген тарифке өтсө болжолдуу эсептөөлөр боюнча Социалдык фонддун бюджетинин жоготуулары 2024-жылдын 5 айында 928,0 млн. сомду, 2025-жылы 2229,4 млн. сомду түзөт, бул пенсиялардын өз убагында төлөнбөшүнө жана аларды жыл сайын пенсияны алгылыктуу жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнүн болбой калышына, демек пенсионерлер арасында социалдык чыңалуунун өсүшүнө алып келет. Социалдык фонддун финансылык туруктуулугуна олуттуу таасир этиши менен бирге, республикалык бюджетке жүк көбөйөт, анткени Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде дефицит пайда болсо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы дефицитин жабууга республикалык бюджеттен жыл сайын дотацияларды кароого туура келет.
- Сунушталган жөнгө салууну киргизилиши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Төмөнкү суроолорго жооп берүүнү суранабыз:
* көрсөтүлгөн көйгөйлөр туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү менен чечүү керекпи?
* көрсөтүлгөн максат жетүү үчүн негиздүү, маанилүүбү?
* сунушталган жөнгө салуу көйгөйлөрдү чечүүнүн кыйла артыкчылыктуу ыкмасыбы?
* сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай пайда жана артыкчылыктар болушу мүмкүн?
* сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн?
* көйгөйлөрдү чечүүнүн кыйла альтернативдүү майнаптуу жолдору барбы?
* сунушталган жөнгө салууга жалпы пикириңиз.
Кабарламанын маалыматын талкуулоо мөөнөтү жана байланыштар
1. Сунуштар кабыл алынат: | |
электрондук почта аркылуу | t.pratov@sf.kg |
почта дареги | (Бишкек ш., Радищева 62) |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | 2024-жылдын 24-октябрынан кечиктирилбестен |
3. Социалдык фонддун сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү | 2024-жылдын 24-октябрынан кечиктирилбестен |
Кабарлама
жарыяланган дата – 2024-жыл 8-октябрь