Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Ушул Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартибин аныктайт.
  2. Камсыздандыруу стажы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгуу укугунун келиши үчүн негизги шарт болуп эсептелет.
  3. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек стажы пенсия чектөөдө жана кайра эсептөөдө камсыздандыруу стажы катары эсепке алынат.
  4. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин (1996-жылдын 1-январына чейин) ээ болгон камсыздандыруу стажы жумуш берүүчүлөр же компетенттүү органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтер боюнча ырасталат.
  5. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдын 1-январынан тартып) ээ болгон камсыздандыруу стажы камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтардын негизинде белгиленет.
  6. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки жана андан кийинки камсыздандыруу стажына “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
    8-беренесинде каралган мезгилдер дагы эсепке алынат.
  7. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин иш стажы тууралуу документтер жок болсо жана архивдик маалыматтар жоктугунан, уюм толук жоюлгандыгынан же алардын тыкан сакталбагандыгынан жана атайылап жок кылынгандыгынан жана кызматкердин күнөөсү жок жана башка ушул сыяктуу себептерден улам аларды алууга мүмкүн болбосо, камсыздандыруу стажы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча белгиленет.
  8. Иш стажы тууралуу документтер табигый кырсыктардын, авариялардын, кыйроолордун же башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен толук же жарым жартылай сакталбаган учурларда жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу стажын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү иш стажын белгилөө боюнча атайын комиссиялар ырастайт.
  9. Талаш учурларда жана пенсия чектөөдөн баш тарткан учурда, маселелер Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) пенсия чектөө үчүн документтерди баалоо боюнча туруктуу иштеген комиссиясы тарабынан каралат. Ушул пунктта аталган комиссиянын иштөө тартибин Социалдык фонд аныктайт.

2-глава. Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби

  1. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин 12 ай иш стажы бар адамдардан тышкары адамдарга, жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын ырастоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат.

Мыйзамдын 9-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга пенсия дайындоодо жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу стажына андан ары стажын жыл сайын бир жылга азайтуу менен, эгерде андан кийин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгилдери 12 айдан кем эмес болсо, эркектер үчүн 17 жыл жана аялдар үчүн 12 жыл эсептелет.

Эмгек китепчеси жок болсо, ошондой эле эмгек китепчесинде керектүү жазуулар болбогон же иштеген мезгили жөнүндө туура эмес жана так эмес жазуулар камтылган учурларда жумуш берүүчүлөр же компетенттүү органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген документтер, буйруктардан, өздүк эсептерден жана эмгек акы берүү ведомостторунан, иштин жана кызмат көрсөтүүнүн аткарылышы предмети болуп эсептелген, иштеген мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган эмгек, жарандык-укуктук келишимдерден көчүрмөлөр кабыл алынат.

Аталган документтер болбосо, камсыздандыруу стажынын далили катары эсептешүү китепчелери, партиялык билеттер жана профсоюздардын мүчөлүк билеттери кабыл алынат. Мында эсептешүү китепчелери эмгек акы төлөнүшү жөнүндө белгиси бар мезгилге гана, ал эми партиялык билеттер жана профсоюздардын мүчөлүк билеттери – эмгек акыдан же стипендиядан мүчөлүк төгүмдөрдүн төлөнүшү тууралуу белгилери бар убакыт үчүн иштеген мезгилин ырастайт.

  1. Ишкердик менен алектенген иш берүүчү менен эмгек келишиминин, контракттын же башка макулдашуулардын негизинде, анын ичинде ижара шарттарында же дыйкан чарбада иштеген адамдардын иштеген мезгили камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтардын негизинде эсепке алынат.
  2. Кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгили “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
    8-беренесинин 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу стажына эсепке алынат жана дипломдор, күбөлүктөр, ошондой эле архивдик маалыматтардын негизинде берилген жана окуган мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган архивдик маалымкаттар жана документтер менен ырасталат.

Окуган мезгилинин далили катары жогоруда аталган документтер болбосо, документтерде толук окуу мезгилин же анын айрым этаптарын бүткөндүгү көрсөтүлгөн шартта тийиштүү жылдары аталган окуу жайда окугандыгы жөнүндө маалымкаттар кабыл алынат.

  1. Аскердик жана ага теңештирилген кызматын, улуттук коопсуздук, ички иштер, аскерлештирилген кайтаруу, атайын байланыш, жарандык коргонуу, бажы кызматы, финансылык полиция органдарында жана ведомстволук таандыгына карабастан бөлүктөрдө кызмат өтөгөндүгүн, ошондой эле туткунда болгон мезгилин ырастоодо: аскердик билеттер, кызыл армия китепчелери, аскер комиссариаттарынын, коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын жана мурунку СССРдин жогору турган аскердик бөлүктөрүнүн, штабдарынын жана мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын жана мурунку СССРдин ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мурунку СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин маалымкаттары; архивдик жана аскердик-дарылоо мекемелеринин маалымкаттары; эмгек китепчесине киргизилген аскердик кызматы жөнүндө жазуулар кабыл алынат.
  2. Иштебеген эненин жаш баласын кароо мезгили баланын төрөлгөндүгүн жана 3 жашка чыккандыгын ырастаган документтер боюнча белгиленет (баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же баланын туулгандыгы тууралуу акт жазуусунун көчүрмөсү же баланын каза болгондугу тууралуу күбөлүгү).
  3. Убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алган мезгил саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген документтердин негизинде белгиленет.
  4. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жана акы төлөнгөн коомдук иштерге катышкан мезгил калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтердин негизинде белгиленет.
  5. Биринчи топтогу майыптыгы бар адамды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы 18 жашка чыкканга чейин, 80 жашка чыккан улгайган адамды кароо мезгили карап жаткандыгынын иш жүзүндөгү жагдайларын текшерүү актысынын, майыптыкта жүргөн мезгилин (биринчи топтогу майыптыгы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар адамдар үчүн) жана курагын (улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн) ырастаган документтердин негизинде белгиленет.

Кароонун анык жагдайларын текшерүү актысын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн жана текшерилип жаткан жарандын кошуналарынын катышуусу менен Социалдык фонддун региондук органы түзөт.

Майып болуп жүргөн мезгилин ырастаган документ катарында медициналык корутунду же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө кабыл алынат.

Курагын ырастаган документ катарында паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк кабыл алынат.

  1. Камакта болгон, эркиндигинен ажыратылган, сүргүнгө айдалган, айдалып жиберилген жерлерде, атайын айдалган жайларда жаза өтөгөн жана мажбурлап эмгекке тартылган мезгили ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазаларды аткаруу кызматынын органдарынын маалымкаттары менен ырасталат жана реабилитациялоо (актоо өкүмүн чыгаруу жөнүндө сот органдарынын, прокуратура, алгач текшерүү жана тергөө органдарынын маалымкаты же жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом (аныктама) жөнүндө документтери болсо, камсыздандыруу стажына эсепке алынат.
  2. Чернобыль АЭСиндеги (мындан ары – ЧАЭС) тосулган зонада кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштеген мезгил райондук аскер комиссариаттарынын же ЧАЭСке кызматкерлерди жиберген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын маалымкаттары, ошондой эле түздөн-түз тосулган зоналарда берилген маалымкаттар менен ырасталат.
  3. Колхоздо иштеген мезгили эмгек китепчеси боюнча же колхоз же архивдик мекеме берген маалымкат боюнча ырасталат. Колхоз тарабынан өз убагында берилген маалымкаттар берүүнүн негиздемеси жөнүндө жазуулар анда болбосо да эске алынат.

Календардык жыл ичинде колхоздун мүчөсү катары эмгек күндөрүнүн белгиленген минимуму иштелгенде ал жыл камсыздандыруу стажына толугу менен эсептелет. Календардык жыл ичинде эмгек күндөрүнүн белгиленген минимуму иштелбесе, камсыздандыруу стажы иш жүзүндөгү узактыгы боюнча эсептелет, башкача айтканда календардык жыл ичинде иштелген эмгек күндөрү кошулуп, андан соң 30га (айдын саны) бөлүнөт.

Колхоздордун адистеринин стажы жумушка кабыл алынгандыгы жана бошотулгандыгы жөнүндө эмгек китепчеси боюнча иш жүзүндөгү узактыгына жараша эсептелет.

Колхоздордун адистеринин, анын ичинде балык уулоочулардын катарына төмөнкүлөр кирет:

– колхоздордун төрагалары;

– жогорку же атайын орто билими бар жана адистиги боюнча колхоздук өндүрүштүн бардык звенолорунда иштеген колхоздун адистери (агрономдор, мал доктурлар, фельдшерлер, зоотехниктер, инженерлер, механиктер, планчылар, экономисттер, юристтер);

– колхоздордун башкы (улук) бухгалтерлери;

– колхоздун механизаторлору (трактористтер-машинисттер, машинисттер, трактористтер, комбайнерлер, айдоочулар, туруктуу орнотмолордо иштеген машинисттер, токарлар, слесарлар, мотористтер, радиооператорлор, электриктер жана башка өндүрүштүк квалификациясы бар жана техника менен иштеген жана тейлөө менен алектенген адамдар);

– жогорку же атайын орто билими бар жана адистиги боюнча балдардын мектепке чейинки мекемелеринин башчысы, тарбиячысы, музыкалык жетекчиси, медициналык кызматкери жана колхоздун мекемелеринин адистери катарында иштеген адистер.

  1. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун, Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун, Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлеринин союзунун мүчөлөрүнүн, чыгармачыл союздардын мүчөсү болуп саналбаган, бирок тийиштүү кесиптик комитеттерге кошулган башка чыгармачыл кызматкерлердин чыгармачылык иши аталган автордун чыгармасы жарыяланган же алгач эл алдында аткарылган же болбосо эл алдында көрсөтүлгөн күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Чыгармачыл союздарынын башкармалыктарынын катчылыктары тарабынан белгиленет.
  2. Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсияга, анын ичинде жеңилдик берилүүчү шарттарда жана кызматтарда иштөө узактыгы үчүн пенсияга укугун белгилөө үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктарына кепилдик берүү жөнүндө КМШ мамлекеттеринин макулдашуусу күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда 1992-жылдын 13-мартына чейин мурунку ССР Союзунун кайсы болбосун көз карандысыз мамлекеттеринин аймагында ээ болгон камсыздандыруу стажы эсепке алынат.

Кыргыз Республикасына Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттерден келген адамдарга 1995-жылдын 31-декабрына чейинки камсыздандыруу стажы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык эсепке алынат.

3-глава. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен камсыздандыруу стажын ырастоо

  1. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча камсыздандыруу стажы Социалдык фонддун региондук органдары тарабынан арыз ээси менен бир ишканада, мекемеде, уюмда, колхоздо же бир системада чогуу иштеп, жакшы билген жана арыз ээсинин ишин ырастап жаткан мезгилде иштеген мезгили жөнүндө документтери бар кеминде эки күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде белгиленет. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларда ведомствого караштуу аймакта бул адамдардын аталган мезгилде жашагандыгы жөнүндө маалыматтары болсо, жазуу жүзүндө ырасталат.
  2. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча камсыздандыруу стажын белгилөө тууралуу арыз жашаган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органына берилет. Арызда арыз ээсинин иши жөнүндө билген адамдардын аты-жөнү жана так дареги, ошондой эле күбөлөр ырастай ала турган иштеген мезгили көрсөтүлүшү керек. Арызга архивдик маалыматтардын жоктугу тууралуу маалымкат тиркелет. Арыз ээсинин, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
  3. Күбөлөр башка жакта жашаса, Социалдык фонддун региондук органы арыз түшкөн күндөн тартып үч иш күндүн ичинде алардын жашаган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органына күбөлөрдү сурамжылоону тапшырат.
  4. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча белгиленген камсыздандыруу стажынын узактыгы пенсия чектөө үчүн талап кылынган стаждын жарымынан, ошондой эле документтер менен ырасталган стаждын узактыгынан ашпашы керек.
  5. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен ырасталган иш стажы бул иште иштеген убакта 16 жашка чыккан жарандарга эсепке алынат.
  6. Иштеген мезгил күбөлөрдүн бири экинчисине караганда арыз ээсинин көп мезгил иштегендиги жөнүндө көрсөткөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде камсыздандыруу стажына эсепке алынса, күбөлөрдүн экөө тең ырастаган мезгил белгиленет.
  7. Жеңилдик берилүүчү шарттарда жана кызматтарда иштөө узактыгы үчүн пенсияга укук берген иш стажы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча белгиленбейт.

4-глава. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин камсыздандыруу стажын ырастоонун жана эсепке алуунун тартиби

  1. Пенсияны дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан ( же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгил, ошондой эле 1999-жылдын 19-февралына чейин кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгилдер гана ушул мезгилге карата камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жөнүндө документтерди талап кылбастан кошуп эсептелет.
  2. Курагы боюнча пенсияга укук алуу үчүн зарыл болгон минималдык камсыздандыруу стажы төмөнкүнү түзөт:

2024-жылдын  1-июлунан  баштап  2025-жылдын  31-декабрына чейин – 5 жыл;

2026-жылдын 1-январынан баштап 2026-жылдын 31-декабрына чейин – 6 жыл;

2027-жылдын 1-январынан баштап 2027-жылдын 31-декабрына чейин – 7 жыл;

2028-жылдын 1-январынан баштап 2028-жылдын 31-декабрына чейин – 8 жыл;

2029-жылдын 1-январынан баштап 2029-жылдын 31-декабрына чейин – 9 жыл;

2030-жылдын 1-январынан баштап 2030-жылдын 31-декабрына чейин – 10 жыл;

2031-жылдын 1-январынан баштап 2031-жылдын 31-декабрына чейин -11 жыл;

2032-жылдын 1-январынан баштап 2032-жылдын 31-декабрына чейин -12 жыл;

2033-жылдын 1-январынан баштап 2033-жылдын 31-декабрына чейин -13 жыл;

2034-жылдын 1-январынан баштап 2034-жылдын 31-декабрына чейин -14 жыл;

2035-жылдын 1-январынан баштап 2036-жылдын 31-декабрына чейин -15 жыл;

2037-жылдын 1-январынан баштап 2038-жылдын 31-декабрына чейин – 16 жыл;

2039-жылдын 1-январынан баштап 2040-жылдын 31-декабрына чейин -17 жыл;

2041-жылдын 1-январынан баштап 2042-жылдын 31-декабрына чейин -18 жыл;

2043-жылдын 1-январынан баштап 2044-жылдын 31-декабрына чейин -19 жыл;

2045-жылдын 1-январынан баштап жана андан кийин -20 жыл.

  1. Ушул Жобонун 13-18-пункттарында аталган мезгилдер эгерде ага чейин жана (же) андан кийин камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгилдер болсо (узактыгына карабастан), камсыздандыруу стажына эсепке алынат.
  2. Эмгек акысы сакталбаган өргүүдө болгон мезгилинде эмгек акы жана башка кирешелер эсептелген иш жүзүндө иштеген күндөрү болсо, ал мезгил камсыздандыруу стажына эсептелет.
  3. Камсыздандыруу төгүмдөрүн 30 календардык күндүн аралыгында патенттин колдонуу мөөнөтүнө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу төлөгөндө, камсыздандыруу стажына колдонуу мөөнөтү 30 календардык күндөн – камсыздандыруу полисинин календардык күндөрүнүн санынан кем эмес толук календардык ай кошулат.
  4. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча алгач камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу стажы биринчи камсыздандыруу төгүмү төлөнгөн мезгилдин башынан баштап эсептелет. Андан ары камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн бардык мезгилдер камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебинде белгиленет.
  5. Майыптыгы жана баккан адамынан айырылгандыгы боюнча пенсия чектөө үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктуна жана 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык эсепке алынат.
  6. Жекече эсепке алууга турбаган жарандарга пенсия чектөөдө камсыздандыруу стажы 1996-жылдын 1-январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шартта эсепке алынат.

Мында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылуучу жекече идентификациялык номери менен өздүк камсыздандыруу эсеби ачылат.

5-глава. Кызматкерлердин айрым категорияларынын камсыздандыруу стажын ырастоонун өзгөчөлүктөрү

  1. Эмгек китепчесинде кызматкерлердин айрым категориялары үчүн белгиленген жеңилдик берилүүчү шарттарда же кызматтарда иштөө узактыгы үчүн пенсияга болгон укугун аныктоочу толук маалыматтар (мисалы, жумуштун ысык участокторунда жана ысык жумуштарда иштегендиги жөнүндө, белгилүү бир коопсуздук класстагы белгилүү бир заттар менен иштөө жөнүндө, жер астындагы иштерде иштегендиги жөнүндө, белгилүү бир жерлерде иш аткаргандыгы жөнүндө) болбосо, атайын эмгек стажын ырастоодо ишканалардын же уюмдардын тактоочу маалымкаттары кабыл алынат.

Атайын камсыздандыруу стажын ырастаган маалымкатта атайын стажга эсептеле турган иштеген мезгили; кесиби же кызматы; аткарган ишинин мүнөзү; иштин бул мезгили кайсыл бөлүмгө, бөлүмчөгө, пунктка, тизмелердин аталышына же алардын кайсы номерине кошулары; бул маалымкатты берүүгө негиз болгон алгачкы документтер көрсөтүлүшү керек.

  1. Бийик тоо шартында, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдардын эмгек китепчесинде ишкананын, мекеменин, уюмдун жайгашкан жери тууралуу маалыматтар болбосо, камсыздандыруу стажын ырастоодо алардын аталган зоналарда жайгашуусу жөнүндө маалымкаттар кабыл алынат.
  2. Авиация кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгектин өзгөчө шарттары үчүн курагы боюнча пенсияга же эмгектин өзгөчө шарттары үчүн компенсацияга укук берген атайын камсыздандыруу стажы төмөнкүлөр менен ырасталат:

– учуу жана учуучу-сыноочу курамдын кызматкерлери үчүн – учуу (парашют менен) китеби боюнча. Учуу китеби жок болсо учуучу курамдын учуу сааттарынын бухгалтердик эсеп маалыматтары боюнча ырасталат. Учуучу-сыноочу курамдын айрым кызматкерлеринин тажрыйбалык техниканы сыноодо иштегендиги ишканалар (бирикмелер) жана уюмдар тарабынан берилген маалымкаттар боюнча ырасталат;

– аба кыймылын башкарган кызматкерлер үчүн – эмгек китепчеси боюнча, ошондой эле төмөнкүлөрдүн негизинде: аба кыймылын түздөн-түз башкарууга уруксат белгиси менен кыймыл кызматынын диспетчеринин (учуунун жетекчиси) күбөлүгүнүн; аба кыймылын түздөн-түз башкаруу менен байланышкан кызматка адистин дайындалышы жөнүндө буйруктары көрсөтүлүп, ишканалардын (уюмдардын) маалымкаттарынын;

– авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкерлери үчүн – эмгек китепчеси боюнча, ошондой эле аба кемесин жана башка учуучу аппараттарды ыкчам жана мезгилдүү (кепилдүү) аэродромдук техникалык тейлөө боюнча иштерде түздөн-түз толук иш күнүн иштегендигин ырастаган ишканалар (бирикмелер) жана уюмдар тарабынан берилген маалымкаттардын негизинде.

  1. Театрлардын жана башка театрдык оюн-зоок ишканаларынын жана коллективдердин артисттеринин айрым категорияларына эмгектин өзгөчө шарттары үчүн курагы боюнча пенсиялык камсыздоого же эмгектин өзгөчө шарттары үчүн компенсацияга укук берүүчү атайын камсыздандыруу стажы эмгек китепчеси боюнча ырасталат.

Эмгек китепчесинде иштеген кесибинин (кызматынын) аталышы, жанрдык таандыгы, аткарылган иштин мүнөзү же уюмдун статусу жөнүндө зарыл болгон маалыматтар жок болсо, камсыздандыруу стажын ырастоодо ал адамга карата мындай маалыматтарды камтыган маалымкаттар кабыл алынат.

  1. Башка өлкөлөрдө жалданган Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш стажы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык легалдаштырылган же апостилдештирилген документтер боюнча ырасталат.

Кыргыз Республикасы тийиштүү эл аралык келишимдерди түзгөн мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген иш стажы жөнүндө документтер легалдаштырбастан кароого кабыл алынат.

Чет өлкөдөгү иштеген мезгили эгерде тийиштүү келишимдерде башкасы каралбаса, Социалдык фондго белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шартта камсыздандыруу стажына эсептелет.

6-глава. Камсыздандыруу стажын ырастоонун жана эсептөөнүн эрежелери

  1. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган эмгек ишин же мезгилдерин ырастоо үчүн берилүүчү документтер кызмат адамдары тарабынан кол коюлуп, мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.

Камсыздандыруу стажын эсептөөдө эске алынуучу эмгек китепчесиндеги жазуулар аларды эмгек китепчесине киргизген күнү колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасын эмгек мыйзамдарына ылайык таризделиши керек.

  1. Эгерде камсыздандыруу стажын ырастоочу документте көрсөтүлгөн аты-жөнү паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү аты-жөнү менен дал келбесе, бул документтин ошол адамга таандыктыгы никеге туруу, атын алмаштыруу тууралуу күбөлүктөрдүн негизинде же сот тартибинде аныкталат.
  2. Эмгек китепчесинин жазууларында каталар табылса же өздүк камсыздандыруу эсептеринде маалыматтар жок болсо, тактоо мүнөзүндөгү маалыматты суроо-талап кылуу милдети Социалдык фондго жана анын региондук органдарына жүктөлөт.

Жумуш берүүчүлөр жана компетенттүү органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Социалдык фонддун жана анын региондук органдарынын суроо-талабы боюнча документтерди жана керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

  1. Жарым-жартылай сакталып калган документтердин жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде иш стажын белгилөө боюнча атайын комиссиялар тарабынан белгиленген иштеген мезгилдери жалпы стажга кошулат.
  2. Эгерде эмгек китепчесине арыз ээси эмгек китепчесин берген ишканага, мекемеге же уюмга киргенге чейин кайсы ишканада, мекемеде же уюмда, кайсы учурда жана кандай кызмат орундарында иштегендиги тууралуу конкреттүү жазуулар киргизилсе, иштегендигин ырастаган документтердин негизинде эмгек китепчесине киргизилген жалпы стажы тууралуу жалпыланган жазуу 1962-жылдын 14-декабрынан кийинки иштеген мезгилине карата эмгек стажынын далили болуп эсептелет.

Мындай тартип күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча аталган иштеген мезгилдерин белгилөөдө дагы колдонулат.

  1. Иш стажы жөнүндө берилген документте так даталары белгиленбестен жылдары гана көрсөтүлсө, тийиштүү жылдын 1-июлу дата катары алынат, эгерде айдын числосу көрсөтүлбөсө, анда тийиштүү айдын 15и дата катары эсептелинет.
  2. Камсыздандыруу стажын ырастоодо бошотулган күн катары акыркы иштеген күнү эсептелет. Иш стажы 11 ай 15 күн жана андан ашык болсо, толук календардык жылга барабар болот, жеңилдик берүүчү шарттарда жана кызматтарда иштөө узактыгы боюнча пенсия чектөөнү кошпогондо.
  3. Юридикалык жана жеке жактар камсыздандыруу стажын ырастоочу маалыматтардын жана документтердин тууралыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
  4. Камсыздандыруу стажы жана пенсиянын өлчөмү боюнча келип чыккан талаш-тартыштар Социалдык фонддун пенсия чектөө үчүн документтерди баалоо боюнча туруктуу иштеген комиссиясына же сот органдарына кайрылуу аркылуу чечилет.