2025-жылдын 12–13-августунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттен тышкаркы пенсиялык фондунун эксперттери жолугушту.

Тараптар төмөнкү долбоорлорду макулдашышты:

  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
  • Аны ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуу.

Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн мыйзамдарын эске алуу менен долбоорлордун беренелерин так түшүнүү үчүн жалпы талкуулар жүргүзүлдү жана кийин долбоорлорду ишке ашырууда колдонулуучу формалар макулдашылды.

Максат — Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын бирдей шартта пенсия менен камсыз кылуу жана кошумча төгүмдөрдү төлөөдөн сактоо.

Макулдашууда каралган:
– пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын кошуу;
– жарандарга пенсияны жашаган жерине карабастан түз төлөө;
– командировкага жана мөөнөтүн узартууга байланышкан эрежелерди тактоо.

Макулдашуу эки өлкөнүн социалдык жана экономикалык кызматташтыгын чыңдап, ири долбоорлорду ишке ашырууда (мисалы, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу) кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Сүйлөшүүлөр достук жана кызматташтык маанайда өттү.