🌐 Кыргызстандан сыртта жүргөн эмгек мигранттары мекенинде кантип пенсия топтой алышат?
Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай түйшүксүз кам көрө алышат! Чет өлкөдө жүрүп эле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилди.
📲 Эмне өзгөрдү жана бул кантип иштейт:
- Аралыктан каттоо: «ТҮНДҮК» мобилдик тиркемеси аркылуу Face-ID биометрикалык идентификациясы көмөгүндө же Мамлекеттик салык кызматынын Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу түздөн-түз каттала аласыз.
- Ыңгайлуу төлөм: Ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн интернет-эквайринг аркылуу Visa, MasterCard жана «Элкарт» банктык карталары менен онлайн төлөөгө болот.
- Бирдей тарифтер: Төгүмдүн өлчөмүн өзүңүз аныктайсыз (орточо айлык эмгек акынын 8-10 пайызынан кем болбоого тийиш).
💰 Каражаттар кайда бөлүштүрүлөт:
- Пенсиялык фондго (ПФ) — 8%
- Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна (МТПФ) — 2%
Үйдөн алыста жүрсөңүз дагы, ишенимдүү келечегиңизди түзүп, социалдык кепилдиктерди камсыздаңыз!
Русский