Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Макулдашууда эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринин ортосунда корголгон электрондук документ жүгүртүүнү уюштуруу каралган.
Негизги максат — жарандардын бир эле убакта Кыргызстан менен Казакстанда пенсия алуусун текшерүү, жарандардын укуктарын коргоо жана төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу.
Документ кызматташтыкты чыңдоого жана пенсиялык камсыздоо тармагында маалыматтарды иштетүүнү ылдамдатууга өбөлгө түзөт.
Документке 22-августта Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлду.