Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун макулдашты.

2026-жылдын 24-мартынан 26-мартына чейин София шаарында (Болгария Республикасы) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Болгария Республикасынын Эмгек жана социалдык саясат министрлигинин эксперттеринин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар 2025-жылдан бери аталган Макулдашууну даярдоо боюнча активдүү иш алып барууда. Жолугушуунун жүрүшүндө сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өткөрүлүп, анын алкагында улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен документтин негизги жоболору талкууланды.

Тараптар пенсиялык камсыздоо системалары жөнүндө маалымат беришти, Макулдашуу колдонулуучу чөйрөнү, анын ичинде пенсиялык төлөмдөрдүн түрлөрүн макулдашып, долбоордун текстине тактоолорду киргизишти. Документ кыргыз, болгар жана орус тилдеринде даярдалат.

Административдик макулдашууну макулдашуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ага чейин тараптар жумушчу тартибинде өз ара аракеттенишүүнү улантышат. Кыргыз тарап тиешелүү долбоорду үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин жөнөтөт.

Макулдашуунун долбоору эки өлкөнүн жарандарынын тең укуктуулугун камсыздоого багытталган. Анда камсыздандыруу стажын кошуу, пенсияларды ар бир тараптын мыйзамдарына ылайык дайындоо, ошондой эле аларды алуучулардын жашаган жерине карабастан төлөө каралган. Айрым жоболор камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана аларды эки ирет чегерүүнү болтурбоо маселелерин жөнгө салат.

Сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана достук маанайда өттү.