Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары жаңы автоунаалар менен камсыздалды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары пенсионерлер менен иш алып барууда, пенсиялык иштерди ташып келүүдө, банк жана почта кызматкерлери менен иштөөдө эскилиги жеткен нөөмөттүк автоунаалар көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып, жумуштарды өз убагында аткарууга тоскоол болуп келген. Эскилиги жеткен автоунааларды оңдоп-түзөөгө акча каражаты көп сарпталгандыгы менен оң натыйжа берген эмес.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун дарегине региондук органдардан нөөмөттүк автоунааларды жаңыртуу боюнча сунуш-пикирлер, өтүнүчтөр көбөйгөн.

Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы №122-т тескемесин эске алып, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Tracker 1.2 AT Premier үлгүсүндөгү 9 даана автоунаа сатып алып аталган унаалар Социалдык фонддун региондук органдарына тапшырылыды.

Унааларды тапшырууда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Урматуу кесиптештер! Бүгүн Социалдык фонд үчүн дагы бир маанилүү күн. Себеби, өлкө жетекчилиги, урматтуу Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Алешовичтин колдоосу менен Социалдык фонддун материалдык-техникалык базасы чыңалып, Социалдык фонддун региондук органдары жаңы автоунаа менен камсыз болуп жатасыздар. Биз мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче Сиздерге жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Сиздер да бул ишеничти актап, жарандарыбызга татыктуу кызмат көрсөтүүгө, пенсиялык саясатты жакшыртууга, Социалдык фонд менен жарандарыбыздын, пенсионерлердин ортосундагы өз ара кызматташууну, мамилени арттырууга ак кызмат кыласыздар деп терең ишенем.

Бул саамалык мындан ары да уланат. Алган унааңыздар акжолтой болуп, элибиздин кызматына жарасын” – деп билдирди.

Дагы бир маанилүү жагдай аталган автоунаалар мамлекеттик өндүрүштү колдоо максатында “ДТ ТЕХНИК” ЖЧКсынан (“Тулпар Моторс” заводу) сатып алынды.