Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
кызматкеринин коррупцияга каршы жүрүм-туруму боюнча
сунуштама
(мамлекеттик кызматкерлердин мисалында)
Социалдык фонддун кызматкеринин жүрүм-туруму, баарынан мурда, коомдо калыптанган этикалык эрежелерге ылайык келиши керек.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун негизги принциптери Социалдык фонддун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча толук өлчөмдө мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбагандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамында белгиленген мамлекеттик кызматчылардын этикалык жана коррупцияга каршы жүрүм-турумунун принциптерине жана стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.
Кызматкердин коррупцияга каршы стандарттуу жүрүм-туруму бул мамлекеттик кызматчылардын коррупцияга каршы туруктуу жүрүм-турумун калыптандырууну божомолдогон тыюу салуулар, чектөөлөр, талаптар түрүндө туюнтулган мыйзам тарабынан белгиленген эрежелердин жыйындысы.
Кызматкердин коррупцияга каршы стандарттуу жүрүм-туруму коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого жана (же) кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу түрүндө белгиленген жазма эскертүүлөрдү так сактоого багытталган анын иш-аракеттеринин активдүүлүгүн болгоолойт.
Кызматкердин жүрүм-турумунун негизинде кызматтык регламентке ылайык кызматтык милдеттерди аткаруу боюнча түздөн-түз аракеттердин фактору болууга тийиш:
– укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруу;
– мамлекеттик органдын милдеттерине жана функцияларына жана анда ээлеген кызмат орундарынын функционалдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык кызматтык милдеттеринин аткарылбагандыгы (талаптагыдай эмес аткаргандыгы) үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызматтык регламентте бекитилген маселелер боюнча башкаруучу жана башка чечимдерди кабыл алуу;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана (же) башкаруучулук жана башка чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
– кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ошол эле мамлекеттик органдын, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, башка жарандар, ошондой эле уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
– мамлекеттик органдын регламентине ылайык жарандарга жана уюмдарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.
Өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда кызматтык регламенттин жоболорунан четтөө коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүшү мүмкүн, ошондой эле коррупциялык жүрүм-турумдун белгиси болуп саналат.
Коррупциялык жүрүм-турумдун белгилерин жокко чыгаруу максатында төмөнкү тыюу салууларды кармануу сунушталат (мамлекеттик кызматкерлердин мисалында):
– тиешелүү кесиптик чөйрөдө билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштерди кошпогондо акы төлөнүүчү иштер менен алектенүү;
– жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарбакер субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле өзүнүн кызматтык абалын жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишти жүргүзүүдө кандай гана болбосун пайда алуу менен көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;
– эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү же башка адам өкүл болууга;
– маалыматты, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
– кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга;
– өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишин түзүүгө, катышууга же кандайдыр бир формада көмөк көрсөтүүгө; кызматтык ишти партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;
– аны менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдардын түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу кызматта болууга;
– анын ыйгарым укугу жок кызматына байланыштуу убадаларды берүү жана жоопкерчилик алууга;
– кызматкерлердин өздөрүнүн жана анын жакын туугандарынын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
– мамлекеттик органдардын иштешине тоскоол болгон иш таштоолорду, митингдерди, көчө жүрүштөрдү жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;
-кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда ачыкка чыгарууга же пайдаланууга;
– кызмат мезгилинде референдум жана шайлоо компаниялары мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн тыюу салуулар кызматкерлердин коррупциялык жүрүм-турумун болтурбоого багытталган, анткени кандайдыр бир кызыкчылыктын таасири болгондон кийинки кадам коррупциялык укук бузуунун өзү болот.
Ушуга байланыштуу кызматкерлердин кызматтык жүрүм-турумунда, адам анын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулугу болуп саналат жана ар бир жаран жеке турмушунун кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк сырына, ар-намысын, кадыр-баркын, өзүнүн жакшы атын коргоого укуктуу экендиги жөнүндө конституциялык жоболордон баштоо зарыл.
Кызматкердин жүрүм-туруму туура болушу керек, текебердиктин, оройлуктун, адамга карата сыйлабастыктын көрүнүшү менен байланышпашы керек, анын дарегине кемсинтүүгө, коркутууга жол бербеши керек.
Кызматкердин моралдык аброю жакшы болушу керек (лоялдуулук, компромисске келүү жөндөмү, өз ара аракеттенүү, кесиптештери менен өз ара колдоо, конструктивдүү кызматташуу).
Кызматкер жүрүм-турумдун үлгүсү болушу керек (чынчыл, адилеттүү, калыс, сылык, кайрымдуу, кунт коюу жана жарандар жана кесиптештери менен баарлашууда сабырдуулукту көрсөтүү).
Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткарууда сырткы көрүнүшү иштин шартына жана кызматтык иш-чаранын форматына жараша жарандардын мамлекеттик органдарга сый мамиле кылуусуна шарт түзүп, формалдуулугу, токтоолугу, салттуулугу, тыкандыгы менен айырмаланган жалпы кабыл алынган ишкердик стилге шайкеш келиши керек.