Социалдык фонддун бардык райондук башкармалыктарынын имараттарында жарандар мекеменин иши тууралуу пикирин же сунушун калтырыш үчүн атайын QR-код орнотулган тактайчалар жайгаштырылды.
Ал кандай иштейт:
- Кеңселердин кире беришинде же коомдук кабылдамада QR-кодду көрөсүз.
- QR-кодду «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу скандап, өзүңүздүн пикириңизди калтырсаңыз болот.
Сиздин пикириңиз биз үчүн маанилүү жана тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жардам берет!