Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыяланган төрт айлык сынактын жеңүүчүсү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жарыяланган төрт айлыктын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия уюштурган төрт айлык сынак жыйынтыкталды.
Сынактын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 6 видеоролиги менен 1-орунга ээ болуп, I даражадагы диплом менен сыйланды.
– 1-этап Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппараты;
– 2-этап Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ала-Бука райондук башкармалыгы;
– 3-этап Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Аксы жана Өзгөн райондук башкармалыктары,
– 4-этап Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси жана Нарын райондук башкармалыгы.
Сынакка жигердүү катышкан Социалдык фонддун кызматкерлерин куттуктайбыз! Сиздердей мекенчил жана кесипкөй кызматкерлердин аракети менен мамлекетибиздин келечеги дагы да жарык болот деп ишенебиз!