Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду коррупцияга каршы күрөшүү боюнча конференция өткөрдү.
9-декабрь 2024-жылы Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду «ККИ. Кыргызстандын рейтинги» жана «Эгерде опузалап пара талап кылышса» темалары боюнча конференция уюштурду. Иш-чарага Социалдык фонддун бардык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.
Конференциянын спикерлери катары УВПКнын өкүлү Ибраимова Т.Ф. жана «Социалдык фонддун Окуу борбору» мекемесинин башкы адиси Оморова Э.А. чыгып сүйлөштү.