Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт
- Региондук орган:
СФ Айтматов райондук башкармалыгынын бухгалтердик эсеп боюнча жетектөөчү адиси – 1 бош орун.
Талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
· Билими – кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген жогорку кесиптик билим.
Иш стажы:
- Социалдык фонддо 1 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.
СФ Майлуу-Суу шаардык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп боюнча адиси – 1 бош орун;
СФ Тоң райондук башкармалыгынын пенсия бөлүмүнүн адиси – 1 бош орун.
Талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
- Кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген жогорку кесиптик билим.
Иш стажы:
- Иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы талаптар:
Билүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы мыйзамдарды, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды.
- Мамлекеттик тилди жана расмий тилди кызматтык милдеттерин аткарууга жетиштүү деңгээлде билүү.
Көндүмдөрү:
- Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу.
- Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо.
- Жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо.
- Өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Иш билгилиги:
- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
- Башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.
- Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.
- Натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикет ыкмаларын билүү, иштиктүү кат алышуу.
- Компьютердик жана иш техникасын, керектүү программаларды билүү.
Конкурска катышуу үчүн документтер:
- Бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз.
- Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракча.
- Байланыш телефондору менен резюме.
- Сунуштама (болсо).
- Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен).
- Паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (түп нуска конкурска келгенде көрсөтүлөт).
- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген).
- Эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариус же персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн).
- Аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырылуучу адамдар үчүн, түп нускалары документтер тапшырылганда талапкер тарабынан берилет).
Конкурстун шарттары жана тесттин суроолору менен www.sf.gov.kg сайтынын «Бош кызмат орундары» бөлүмүнөн тааныша аласыз.
Документтерди 2025-жылдын 25–июнуна чейин төмөнкү даректердин бирине тапшырыңыз:
- Бишкек ш., Радищев көч., 62 (Борбордук аппарат), тел.: (0312) 54-79-74, 57-65-21.
- Айтматов р-ну, Кызыл-Адыр айылы, М. Айтматова көч. 38, (03456) 2-65-52;
- Майлуу-Суу ш., Ленин көч. 14, тел.: (3744) 5-04-57;
- Тоң р-ну, Бөкөнбаев айылы, Ленин көч. 62, тел.: (03947) 91-4-89.
Документтери талаптарга жооп берген талапкерлер конкурстук комиссияга чакырылат. Талаптарга жооп бербеген документтер ээси конкурска катышууга жол берилбейт.