Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт

  1. Региондук органдар:
  • СФ Өзгөн райондук башкармалыгынын маалыматтык системаларды коштоо боюнча башкы адиси – 1 бош орун.

Талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:

  • Жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим же орто билим, маалыматтык технологиялар тармагындагы сертификат.

Иш стажы:

  • Иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенциялары:

Билүүсү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы мыйзамдарды, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды.
  • Мамлекеттик тилди жана расмий тилди кызматтык милдеттерин аткарууга жетиштүү деңгээлде билүү.

Көндүмдөрү:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу.
  • Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо.
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо.
  • Өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Иш билгилиги:

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
  • Башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.
  • Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.
  • Натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикет ыкмаларын билүү, иштиктүү кат алышуу.
  • Компьютердик жана иш техникасын, керектүү программаларды билүү.

Конкурска катышуу үчүн документтер:

  • Бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз.
  • Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракча.
  • Байланыш телефондору менен резюме.
  • Сунуштама (болсо).
  • Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен).
  • Паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (түп нуска конкурска келгенде көрсөтүлөт).
  • Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген).
  • Эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариус же персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн).
  • Аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырылуучу адамдар үчүн, түп нускалары документтер тапшырылганда талапкер тарабынан берилет).

Конкурстун шарттары жана тесттин суроолору менен www.sf.gov.kg сайтынын «Бош кызмат орундары» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

Документтерди 2024-жылдын 4ноябрына чейин төмөнкү даректердин бирине тапшырыңыз:

  1. Бишкек ш., Радищев көч., 62 (Борбордук аппарат), тел.: (0312) 54-79-74, 57-65-21.
  2. Өзгөн ш., Хлопкомская көч., н/ж, тел.: (03233) 5-04-

Документтери талаптарга жооп берген талапкерлер конкурстук комиссияга чакырылат. Талаптарга жооп бербеген документтер ээси конкурска катышууга жол берилбейт.