Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б.Дж. Алиевдин Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Сиздердин ак ниеттүүлүк менен аткарган эмгегиңиздер – карыяларыбыздын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдүн бакубат, жаркын жашоосуна багытталган.
Ошондуктан, адамкерчиликтүү, адилеттүү, боорукер, сабырдуу кесиптештерибиз – өз камкордугуна алган адамдардын ишенимдүү жөлөгү болуп, алардын жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулап ак батасын алып келет.
Учурда өлкөбүздө болуп жаткан өнүгүүлөрдүн, экономикалык өсүштөрдүн натыйжасында мамлекет тарабынан бул категориядагы адамдарга болгон камкордук жакшырып, ошону менен бирге эле социалдык тейлөө системасын реформалоо, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана майнаптуулугун жогорулатуу үчүн көптөгөн иштер аткарылып жатат.
Бул аракеттер натыйжалуу социалдык саясатты ишке ашырууга, адам укуктарынын, гумандуу идеялардын артыкчылыгын бекемдөөгө, коомдо социалдык биримдикти жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Демек, биз биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында өлкөбүздүн мындан ары да өнүгүшүнө жана социалдык баалуулуктардын жакшырышына чоң салым кошо алабыз деген терең ишеничтемин!
Кадырман кесиптештер!
Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! Үй-бүлө, жакындарыңыз менен бактылуу турмушта өмүр сүрүңүздөр.
Дагы бир жолу, майрамыңыздар менен!