СФКРнын Окуу борбору жөнүндө

СФКРнын Окуу борбору – СФКРнын борбордук аппаратынын структуралык бөлүмү.

Окуу борборунун негизги функциялары:

  • СФКРнын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
  • Жарандарды жана юридикалык жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу (МСК) боюнча окутуу.
  • 2011-жылдан бери “Пенсия” журналын чыгаруу.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген, мөөнөтсүз колдонууга уруксат берилген лицензиясы менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып баруу.
  • Калк арасында, министрликтердин жана мекемелердин эмгек жамааттарында, уюмдарда, орто мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу.
  • СФКРнын кызматкерлери арасында кесиптик окутуунун жаңы багыттарын иштеп чыгуу жана сыноо.

Биздин ишти уюштуруу: кайсы нормативдик-укуктук документтерге негизделебиз:

  • 2014-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору” мекемесинин жобосу.
  • СФКРнын башкармалыгынын 2014-жылдын 19-сентябрындагы №90 токтому менен бекитилген квалификацияны жогорулатуу жобосу.
  • 2014-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигинин №LE 145000227 лицензиясы.

1. Кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу:

  • Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин түзүү жана кармоо.
  • СФКРнын ишинин эффективдүүлүгүн жакшыртуу.
  • Кызматкерлерди даярдоо боюнча чет элдик тажрыйбаны изилдөө.
  • Иш жүзүндө башка көндүмдөрдү, формаларды, методдорду жана каражаттарды өздөштүрүү жана иштеп чыгуу, инновациялык технологияларга негизделген функционалдык милдеттерди аткаруу үчүн.
  • Соцфонддун кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматкердин принциптери боюнча жүрүм-турум жана этика эрежелерин киргизүү.
  • СФКРнын 53 аймактык башкармалыктары менен иш алып баруу.
  • Ар бир кызматкер үч жылдын ичинде квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүшү керек, лекцияларды Окуу борборунун, СФКРнын борбордук аппаратынын жана жогорку окуу жайларынын кызматкерлери окушат.

Семинарлар кандай форматта өткөрүлөт:

  • Лекция, слайддар, презентациялар, практикалык сааттар, тренингдер түрүндө.
  • Ишкердик оюндар.
  • Раздатка материалдар берилет.
  • Кыска тестирлөөнүн аягында сертификаттар берилет.

2. Застрахованный жактарга мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздоо боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү:

Министрликтер жана мекемелер, уюмдар менен алдын ала макулдашуу менен графиктер түзүлүп, ошол графикке ылайык биздин кызматкерлер жер-жерлерге барып, лекция-презентацияларды өткөрүшөт, лекциянын аягында кызыктырган суроолорго жооптор берилет.

Окуу борбору ар бир уюмдун түзүмүндө ийгиликтүү иш алып баруунун жана милдеттерди аткаруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат:

Окуу борбору СФКРнын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууга жана максаттарына жетүүгө өз салымын кошот. Кадрлар бардык маселелерди чечет, ал эми Окуу борбору кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө иштейт, бул СФКРнын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун “Окуу борбору” мекемеси 2009-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармалыгынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги №42 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесин түзүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №151 токтомуна ылайык “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка аткаруу бийлик органдарынын юридикалык жак макамына ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө” (Тиркеме 1), Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына (Тиркеме 2) ылайык түзүлгөн.

Окуу борборунун милдеттери:

  1. СФКРнын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу боюнча жарандарды жана юридикалык жактардын кызматкерлерин окутуу, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуу максатында методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу.
  2. Уюштуруучулук көндүмдөрдү өркүндөтүү, иш стили жана методдорун жакшыртуу, социалдык фонддун максаттарын ишке ашырууда юридикалык жана физикалык жактар менен иштөөдө профессионалдык билимдерди жана көндүмдөрдү жогорулатуу ыкмаларын үйрөтүү.
  3. Компьютердик техниканы колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.
  4. Лекциялар, семинарлар, презентациялар, слайддар, практикалык жана жер-жерлерде сабактарды өткөрүү.
  5. Соцфонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте угуучуларды мыйзамдык-нормативдик, методикалык жана башка нускама адабияттар менен камсыз кылуу.
  6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматкерлерди, юридикалык жана физикалык жактардын кызматкерлерин мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу боюнча окутуу кызматтарын көрсөтүү.
  7. Эл аралык ишмердүүлүк.
  8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу укугу.

Окуу борбору жыл сайын Кара-Балта, Токмок, Кант, Ош, Кара-Суу, Жалал-Абад, Араван, Сузак, Аламүдүн, Сокулук райондорунда жана Бишкек шаарындагы төрт районунда, ошондой эле Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп райондорунда, Каракол шаарында СФКРнын жана Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда ири салык төлөөчүлөр үчүн семинарларды өткөрөт.

Социалдык фонд менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө 2020-жылдын 17-мартындагы №В-49 Меморандумун аткаруу максатында ЖАМКтын пенсияларды дайындоо маселеси боюнча билим деңгээлин жогорулатуу менен алектенген кызматкерлери үчүн үзгүлтүксүз семинар-окутуулар өткөрүлүп турат. Окутуу “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу” темасында өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Окуу борборуна төмөнкү багыттар боюнча кошумча билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мөөнөтсүз лицензия берилген:

  1. 1С – бухгалтерия;
  2. Кыргыз тили;
  3. Англис тили;
  4. Компьютердик сабаттуулук;
  5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары;
  6. Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит;
  7. Мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу боюнча юридикалык жана физикалык жактарды окутуу.

Окуу, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмү иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, оратордук чеберчилик, мамлекеттик кызматкердин этикасы, компьютердик сабаттуулук, кыргыз улуттук салттары жана баалуулуктары боюнча курстарды иштеп чыгып киргизген.