16-октябрда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук башкармалыктарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан 16 кызматтык автоунаанын ачкычтары тапшырылды. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жетекчилиги, райондук башкармалыктын жетекчилери катышышты. 

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлерининин күнүнө карата бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталар, мекеме аралык сыйлыктар тапшырылды.