Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери 2025-жылдын 29–30-май күндөрү Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн «Заманбап дүйнөнүн шартына социалдык коргоо системаларын ыңгайлаштыруу» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Бул иш-чара Пенсия жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясы менен Азербайжан Республикасынын биргелешип уюштуруусунда өткөрүлүп, ага жалпысынан 7 өлкөдөн — Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Сербия жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышты.
Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты» деген темада презентация жасап, өздөрүнүн тажрыйбасы жана пландары менен бөлүшүштү.
Андан тышкары конференциянын катышуучулары Азербайджан республикасынын DOST борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

DOST борборлору — бул жарандарга социалдык кызматтарды бир жерден тез, ачык жана сапаттуу көрсөтүүгө багытталган заманбап мамлекеттик мекемелер.
Бул борборлор аркылуу эл — пенсия жана жөлөк пул алуу, жарандык абал боюнча документтерди алуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн колдоо алуу, жумушка орношууга жардам, социалдык камсыздоо боюнча башка кызматтарды бирдиктүү «терезе» принциби менен алса болот.