
20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери ишембиликке чыгып, трассса А365 (объездная дорога) Жаш гвардия көчөсүнөн Юбилейная көчөсүнө (СЭЗ Бишкек бурулушунан Озерное айылынын бурулушуна) чейинки аймакта тазалоо, таштандыларды чогултуу иштерин жүргүзуштү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө» Жарылыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Русский






