17-майда Социалдык фонддун кызматкерлери эки айга созулган ишембиликти жыйынтыкташты.
Бекитилген иш-чарага ылайык, кызматкерлердин бир бөлүгү Социалдык фонддун Борбордук аппаратынын айланысында актоо, сырдоо,сугаруу иштерин жүргүзүшсө, экинчи бөлүгү Бишкек шаарындагы Чүй, Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил багында санитардык тазалоо, актоо, таштандыларды чогултуу иштерин жүргүзүштү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Бишкек шаарынын Мэриясынын муниципалдык администрациясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №50-т тескемесинин, Социалдык фонддун 13-марттагы «Аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана сугаруу боюнча эки айлык ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде өткөрүлдү.