“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга
жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоонун
ПРОТОКОЛУ
2025-ж. 27.08. Бишкек ш., Радищев көч, 62
КҮН ТАРТИБИ:
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык даярдалды, ал ченемдик укуктук актыларынан долбоорлорун талкулоонун бирдиктүү порталында 2025-жылдын
11-августунда жайгаштырылган.
Мыйзам долбоорунун негизги учурлары
Социалдык фонддун 2025-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 130 668 093,2 миң сом суммасында (ИДПдан 7,3%) же бекитилген бюджеттен 10 131 391,6 миң сомго көп түзүлдү.
Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана башка кирешелердин эсебинен түзүлөт.
Бюджеттин негизги киреше бөлүгүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү түзөт.
2025-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 82 136 000,0 миң сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 7 136 000,0 миң сомду же 109,5% түзөт.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү төлөмдөр каржыланат: пенсиянын базалык бөлүгү, аскер кызматчыларынын пенсиялары, аскер кызматчыларына бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулдар, көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып балдардын энелеринин, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдардын пенсиясы, пенсияларга кошумча акылар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, 80 жашка толгон пенсионерлерге, ардактуу донорлорго, концлагерлердин туткундарына, саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынгандарга, блокада мезгилинде Ленинград шаарында иштегендерге, баатыр энелерге, Чернобыль АЭСиндеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендерге).
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 2025-жылга 45 850 060,9 миң сом суммасында такталды, бул бекитилген бюджеттен 2 145 234,7 миң сомго көп. Ассигнованиелердин керектөө суммасы 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жаңы чектелген пенсиялардын жалпы өлчөмүн пенсиянын базалык бөлүгүнүн эсебинен өткөн жылы тузүлгөн пенсионердин жашоо минимумунан төмөн эмес белгилөөсү, жана ошондой эле макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө, 2024-жылдагы отчеттук маалыматтарга, ошондой эле күч министрликтеринин жана ведомстволорунун маалыматтарына ылайык аскер кызматкерлеринин пенсиясына керектелүүчү каражаттардын такталышына байланыштуу такталды.
Социалдык фондго таандык акциялар боюнча дивиденддердин, акча каражаттарынын калдыктарына эсептелген пайыздардын, убактылуу бош акча каражаттардын жайгаштыруудан түшкөн кирешелердин, туумдардын, айыптардын түшүшүнүн көбөйүшүнүн жана башка булактардын эсебинен башка кирешелердин түшүшү 2 682 032,3 миң сом суммасында же бекитилген бюджеттен 850 156,9 миң сомго көбүрөөк такталды.
Социалдык фонддун бюджетинин чыгымдары 2025-жылга 128 434 487,4 миң сом суммасында такталды, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 7 964 395,3 миң сомго же 106,6% көп.
Пенсиялык фондунун такталган чыгымдар 114 812 614,4 миң сомду түзөт же бекитилген бюджеттен 4 660 137,9 миң сомго көп. Ошондой эле пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө чыгымдар 111 484 639,9 миң сом суммасында такталды же бекитилген бюджеттен 3 914 308,7 миң сомго көп. Негизги көбөйүү 2025-жылдын
1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентин камсыздандыруу бөлүктөрү 50 000 сом чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө белгилөө, бирок 600 сомдон кем эмес, ал эми камсыздандыруу бөлүктөрү 50 000 сомдон ашкан пенсиялардын өлчөмдөрүн 5 000 сомдон көп эмес индексациялоо менен байланыштуу.
Бул чаралар минималдык босогону белгилөөнүн эсебинен аз камсыз болгон жарандардын кызыкчылыктарын коргойт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары 6 304 235,0 миң сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 984 166,4 миң сом суммасында күтүлүүдө.
2025-жылга Социалдык фонддун бюджетинин профицити 2 233 605,8 миң сом суммасында болжолдонууда.
Талкуунун жыйынтыгы.
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар колдоого алышты.
Катышуучулар:
Төраганын орун басары Жума уулу Улан
“Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонду Баяманова З.Э.
Кыргызстандын мамлекеттик эмес коопсуздук
жана коргоо кызматтарынын союзу Исаев А.А.
Кыргыз Республикасынын улуттук жумуш
берүүчүлөр конфедерациясы Муралиев А.М.
“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому”
коомдук бирикмеси Чинакаева Н. Б.
Бюджеттик башкармалыктын
начальнигинин орун басары Омурбекова Ч.А.
Протоколду түзгөн Бюджеттик
башкармалыктын башкы адиси Орозбакова А.
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга
жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоонун
ПРОТОКОЛУ
2025-ж. 27.08. Бишкек ш., Радищев көч, 62
КҮН ТАРТИБИ:
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык даярдалды, ал ченемдик укуктук актыларынан долбоорлорун талкулоонун бирдиктүү порталында 2025-жылдын 11-августунда жайгаштырылган.
Мыйзам долбоорунун негизги учурлары
2026-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 137 691 504,7 миң сом жана 2027-2028-жылдарга 146 901 632,3 миң сом жана 155 032 542,6 миң сом суммасында түзүлдү.
Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана башка кирешелердин эсебинен түзүлөт.
Бюджеттин негизги киреше бөлүгүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү түзөт.
2026-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 88 100 000,0 миң сом суммасында пландалды.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү төлөмдөр каржыланат: пенсиянын базалык бөлүгү, аскер кызматчыларынын пенсиялары, аскер кызматчыларына бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулдар, көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып балдардын энелеринин, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдардын пенсиясы, пенсияларга кошумча акылар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, 80 жашка толгон пенсионерлерге, ардактуу донорлорго, концлагерлердин туткундарына, саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынгандарга, блокада мезгилинде Ленинград шаарында иштегендерге, баатыр энелерге, Чернобыль АЭСиндеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендерге).
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 46 670 347,3 миң сом суммасында каралган.
Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздардан, убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешелердин, туумдар менен айыптардын жана башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 2 921 157,5 миң сом суммасында болжолдонууда.
2026-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 137 303 365,2 миң сом, 2027-2028-жылдарга 145 209 652,1 миң сом жана 153 665 347,2 миң сом суммасында пландалууда.
Пенсиялык фонддун чыгашалары 2026-жылы пенсиялык төлөмдөр, сөөк коюуга жөлөкпул, банктык тейлөө, пенсия жеткирүү, административдик чыгашалар боюнча керектөөлөрдүн эсебинен улам 122 576 305,6 миң сом суммасында аныкталды.
2026-жылга Социалдык фонддун бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 1 299 075,4 миң сом көлөмүндө каражаттар каралды.
Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтар үчүн чыгашалар
2026-жылы 545 698,3 миң сом суммасында белгиленүүдө, пенсиялар жана жөлөкпулдар коммерциялык банктар аркылуу жана “Кыргыз почтасы” МИ филиалдары аркылуу төлөнөт.
Социалдык фонддун эсептерин тейлөөгө чыгашалар 21 839,1 миң сом суммасында белгиленүүдө.
2026-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 6 503 418,2 миң сом багыттоо пландалууда. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 1 009 099,2 миң сомду түзөт.
2026-жылы Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 7 214 542,2 миң сом суммасында белгиленүүдө. Инвестициялоодон түшкөн кирешелер 2026-жылы 7 604 832,8 миң сомду түзөт. Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүү 2026-жылы 2 400 000,0 миң сом суммасында пландалууда.
2026-жылы бюджеттин профицити 388 139,5 миң сом суммасында болжолдонууда.
Талкуунун жыйынтыгы.
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар колдоого алышты.
Катышуучулар:
Төраганын орун басары Жума уулу Улан
“Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонду Баяманова З.Э.
Кыргызстандын мамлекеттик эмес коопсуздук
жана коргоо кызматтарынын союзу Исаев А.А.
Кыргыз Республикасынын улуттук жумуш
берүүчүлөр конфедерациясы Муралиев А.М.
“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому”
коомдук бирикмеси Чинакаева Н. Б.
Бюджеттик башкармалыктын
начальнигинин орун басары Омурбекова Ч.А.
Протоколду түзгөн Бюджеттик
башкармалыктын башкы адиси Орозбакова А.