“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылгажана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоонун ПРОТОКОЛУ

2024-ж. 12.08.                                                                        Бишкек ш., Радищев көч, 62

  КҮН ТАРТИБИ:

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык даярдалды, ал ченемдик укуктук актыларынан долбоорлорун талкулоонун бирдиктүү порталында 2024-жылдын
1-августунда жайгаштырылган.

Мыйзам долбоорунун негизги учурлары

Социалдык фонддун 2024-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 112 415 872,8 миң сом суммасында (ИДПдан 7,9%) же бекитилген бюджеттен 5 433 417,9 миң сомго көп түзүлдү.

Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана башка кирешелердин эсебинен түзүлөт.

Бюджеттин негизги киреше бөлүгүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү түзөт.

2024-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 70 060 000,0 миң сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 4 215 000,0 миң сомду же 106,4% түзөт.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү төлөмдөр каржыланат: пенсиянын базалык бөлүгү, электр энергиясы үчүн компенсациялар, аскер кызматчыларынын пенсиялары, аскер кызматчыларына бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулдар, көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып балдардын энелеринин, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдардын пенсиясы, пенсияларга кошумча акылар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, 80 жашка толгон пенсионерлерге, ардактуу донорлорго, концлагерлердин туткундарына, саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынгандарга, блокада мезгилинде Ленинград шаарында иштегендерге, баатыр энелерге, Чернобыль АЭСиндеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендерге).

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 2024-жылга 40 519 251,8 миң сом суммасында такталды, бул бекитилген бюджеттен 281 229,8 миң сомго көп.

Ассигнованиелердин керектөөнүн көбөйүшү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”)
2024-жылдын 10-майындагы № 84 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык жана тарифтик саясаты чөйрөсүндөгү реформага байланыштуу, пенсионерлерге базалык бөлүктү 2024-жылдын
1-июлунан тартып толук өлчөмдө дайындоону каралган, ошондой эле 2024-жылдын
28-июнундагы ПЖ № 168 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо каралган, ошондой эле макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө, 2023-жылдагы отчеттук маалыматтарга, ошондой эле аскер кызматкерлеринин пенсиясына болгон муктаждыктын көбөйүшүнө байланыштуу.

Социалдык фондго таандык акциялар боюнча дивиденддердин, акча каражаттарынын калдыктарына эсептелген пайыздардын, убактылуу бош акча каражаттардын жайгаштыруудан түшкөн кирешелердин, туумдардын, айыптардын түшүшүнүн көбөйүшүнүн жана башка булактардын эсебинен башка кирешелердин түшүшү 1 836 621,0 миң сом суммасында же бекитилген бюджеттен 937 188,1 миң сомго көбүрөөк такталды.

Социалдык фонддун бюджетинин чыгымдары 2024-жылга 109 254 535,7 миң сом суммасында такталды, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 3 931 129,2 миң сомго же 103,7% көп.

Пенсиялык фондунун такталган чыгымдар 99 280 177,1 миң сомду түзөт же бекитилген бюджеттен 2 904 092,1 миң сомго көп. Ошондой эле пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө чыгымдар 96 814 162,8 миң сом суммасында такталды же бекитилген бюджеттен 2 860 149,4 миң сомго көп. Негизги көбөйүү 2024-жылдын
28-июнундагы ПЖ № 168 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,18 индексациялоо коэффициентине, бирок 1000 сомдон кем эмес индексация жана пенсионерлердин жашоо минимумунан төмөн алган пенсонерлердин пенсияларынын өлчөмүн 6900 сом суммасына жеткирүү аркылуу пенсиянын жогорулашы менен байланыштуу.

Бул иш-чаралар минималдуу босогону белгилөөнүн эсебинен аз камсыз болгондордун, ошондой эле пенсиялык системага чоң чегерүүлөрдү жасаган жарандардын кызыкчылыктарын коргойт, төгүмдөр канчалык көп болсо, индексация ошончолук жогору болот.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары 5 099 786,0 миң сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 675 661,1 миң сом суммасында күтүлүүдө.

2024-жылга Социалдык фонддун бюджетинин профицити 3 161 337,1 миң сом суммасында болжолдонууда.

Талкуунун жыйынтыгы.

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар колдоого алышты.

Катышуучулар:

Төраганын орун басары                                                                               Жума уулу Улан

“Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонду                                                Баяманова З.Э.

Кыргызстандын мамлекеттик эмес коопсуздук

жана коргоо кызматтарынын союзу                                                            Исаев А.А.

Кыргыз Республикасынын улуттук жумуш

берүүчүлөр конфедерациясы                                                                       Муралиев А.М.

“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому”

коомдук бирикмеси                                                                                      Чинакаева Н. Б.

КР ФМ караштуу Мемлекеттик салык кызматы                                       Нурлан уулу Б.

Бюджеттик башкармалыктын

начальнигинин орун басары                                                                        Ишанкулов А.А.

Протоколду түзгөн Бюджеттик

башкармалыктын башкы адиси                                                                   Орозбакова А.

 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоонун

ПРОТОКОЛУ

2024-ж. 12.08.                                                                        Бишкек ш., Радищев көч, 62

  КҮН ТАРТИБИ:

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык даярдалды, ал ченемдик укуктук актыларынан долбоорлорун талкулоонун бирдиктүү порталында 2024-жылдын 1-августунда жайгаштырылган.

Мыйзам долбоорунун негизги учурлары

2025-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 116 449 341,6 миң сом жана 2026-2027-жылдарга 122 468 330,0 миң сом жана 128 654 110,2 миң сом суммасында түзүлдү.

Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана башка кирешелердин эсебинен түзүлөт.

Бюджеттин негизги киреше бөлүгүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү түзөт.

2025-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 70 981 700,0 миң сом суммасында пландалды.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү төлөмдөр каржыланат: пенсиянын базалык бөлүгү, электр энергиясы үчүн компенсациялар, аскер кызматчыларынын пенсиялары, аскер кызматчыларына бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулдар, көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып балдардын энелеринин, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдардын пенсиясы, пенсияларга кошумча акылар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, 80 жашка толгон пенсионерлерге, ардактуу донорлорго, концлагерлердин туткундарына, саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынгандарга, блокада мезгилинде Ленинград шаарында иштегендерге, баатыр энелерге, Чернобыль АЭСиндеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендерге).

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 43 704 826,2 миң сом суммасында каралган.

Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттардын калдыгына эсептелген  пайыздардан, убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешелердин, туумдар менен айыптардын жана башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 1 762 815,4 миң сом суммасында болжолдонууда.

2025-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 120 214 230,9 миң сом, 2026-2027-жылдарга 124 425 966,6 миң сом жана 129 004 878,8 миң сом суммасында пландалууда.

Пенсиялык фонддун чыгашалары 2025-жылы пенсиялык төлөмдөр, сөөк коюуга жөлөкпул, банктык тейлөө, пенсия жеткирүү, административдик чыгашалар боюнча керектөөлөрдүн эсебинен улам 110 099 157,0 миң сом суммасында аныкталды.

2025-жылга Социалдык фонддун бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 1 229 395,9 миң сом көлөмүндө каражаттар каралды. Сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөөгө 2025-жылы 600 000,0 миң сом суммасында каражат каралып жатат.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтар үчүн чыгашалар 2025-жылы 741 184,6 миң сом суммасында белгиленүүдө, пенсиялар жана жөлөкпулдар коммерциялык банктар аркылуу жана “Кыргыз почтасы” МИ филиалдары аркылуу төлөнөт.

Социалдык фонддун эсептерин тейлөөгө чыгашалар 18 005,6 миң сом суммасында белгиленүүдө.

2025-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 5 143 293,6 миң сом багыттоо пландалууда. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 677 652,1 миң сомду түзөт.

2025-жылы Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 4 294 128,2 миң сом суммасында белгиленүүдө. Инвестициялоодон түшкөн кирешелер 2025-жылы 6 105 699,1 миң сомду түзөт. Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүү 2025-жылы 1 800 000,0 миң сом суммасында пландалууда.

2025-жылы бюджеттин дефицити 3 764 889,3 миң сом суммасында белгиленүүдө, ал Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жабылат.

Талкуунун жыйынтыгы.

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар колдоого алышты.

Катышуучулар:

 Төраганын орун басары                                                                               Жума уулу Улан

“Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонду                                                Баяманова З.Э.

Кыргызстандын мамлекеттик эмес коопсуздук

жана коргоо кызматтарынын союзу                                                            Исаев А.А.

Кыргыз Республикасынын улуттук жумуш

берүүчүлөр конфедерациясы                                                                       Муралиев А.М.

“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому”

коомдук бирикмеси                                                                                      Чинакаева Н. Б.

КР ФМ караштуу Мемлекеттик салык кызматы                                       Нурлан уулу Б.

Бюджеттик башкармалыктын

начальнигинин орун басары                                                                        Ишанкулов А.А.

Протоколду түзгөн Бюджеттик

башкармалыктын башкы адиси                                                                   Орозбакова А.