26-июнда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан коррупцияга каршы семинар өткөрүлдү. Аталган иш-чара 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында уюштурулду.
Иш-чарада ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги М.С. Капаров укук коргоо органдары тарабынан коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берди. Ошондой эле, мекемелер аралык кызматташтыкты күчөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана бөгөт коюу маселелери талкууланды.
Жыйындын катышуучулары коррупцияга байланыштуу жана башка кошумча суроолоруна жоопторду ала алышты. Иш-чаранын соңунда Социалдык фонддун кызматкерлерине атайын маалыматтык брошюралар таратылды.