КР Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылдын январь-июнь айларында 4275 кайрылуу келип түштү, анын ичинде:
- жазуу түрүндө кайрылуулар – 203;
- ооз эки кайрылуулар – 508;
- КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 58 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 2541;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 965.
Жарандар төмөнкү багыттагы суроолор менен кайрылышат:
- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
- пенсияларды индексациялоо тууралуу;
- пенсияга укугу боюнча;
- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
- -пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
- -пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
- -КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.