КР Социалдык фондуна 2026-жылдын I жарым жылдыгында 6 776 кайрылуу келип түштү
2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жарандардан жалпы 6 776 кайрылуу келип түшкөн.
Анын ичинен кайрылуулардын түрлөрү төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
-
Жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 315;
-
Оозеки кайрылуулар – 569;
-
КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынгандар – 33 жаран;
-
Стационардык «ишеним телефону» аркылуу – 2 954;
-
Уюлдук «ишеним телефону» аркылуу – 1 460;
-
«Пикир» порталы аркылуу – 40;
-
«Биринчи радиодогу» «Биринчи кабылдама» берүүсү аркылуу – 9;
-
«Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу (маалымат алуу үчүн) – 1 396.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү, электрондук жана оозеки кайрылууларында негизинен төмөнкүдөй маселелер көтөрүлгөн:
-
Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жана индексациялоо;
-
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;
-
Пенсияга болгон укуктарды аныктоо;
-
Пенсияларды чектөө, туура эсептөө жана өз убагында төлөө;
-
Пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө;
-
Мамлекеттик топтоочу пенсиондук фонддун (МТПФ) каражаттарын чектөө жана төлөө тартиби;
-
КР Соцфондунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка маселелер.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча келип түшкөн бардык суроолорго өз убагында мамлекеттик жана расмий тилдерде жеткиликтүү жана толук жооптор берилүүдө.
Русский